Баалардын туруктуулугу жана күйүүчү майдын жеткиликтүүлүгү – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин көңүл борборунда
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы №369 «Күйүүчү-майлоочу материалдардын рыноктук бааларын турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 26-майындагы №106 буйругун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен автозаправка станциялары аркылуу мунай продуктуларын сатуу ишин жүргүзгөн ишкердик субъекттеринин ортосунда социалдык мааниге ээ мунай продуктуларынын рыногунда бааларды белгилөө жөнүндө Макулдашуу түзүлдү.
Макулдашуунун негизги максаты – ички рынокту АИ-92 үлгүсүндөгү бензин, дизелдик отун жана суюлтулган көмүр суутек газы (автогаз) менен туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле алардын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө болуп саналат.
Макулдашуунун алкагында жеткирүүчүлөр социалдык мааниге ээ мунай продуктуларын бааларды өзгөртүүнүн бекитилген графигине ылайык сатууга, алардын калк үчүн баалык жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле өндүрүүчү заводдордун дүң сатуу баалары өзгөргөн учурда бул тууралуу Кызматка өз убагында маалымдап турууга милдеттеништи.
Өз кезегинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Макулдашуунун аткарылышына мониторинг жүргүзөт, мунай продуктулары рыногундагы кырдаалга талдоо жүргүзөт, объективдүү экономикалык факторлорду эске алуу менен бааларды өзгөртүү графигине түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча рыноктун катышуучуларынын сунуштарын карайт, ошондой эле ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылууга багытталган тиешелүү чараларды көрөт.
Макулдашуунун түзүлүшү керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого, ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга жана мамлекеттин, бизнестин жана калктын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун сактоого багытталган убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун негизги инструменттеринин бири болуп саналат.
Каралган чараларды ишке ашыруу мунай продуктуларынын баасына тышкы факторлордун таасирин минималдаштырууга жана ички рыноктогу баа кырдаалынын туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.