30.07.2026
Маалымат борбору
2026-жылдын 28-июлуна карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттер жана коңшу өлкөлөр боюнча социалдык мааниге ээ товарлардын рыноктук чекене бааларына салыштырма талдоо
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жана коңшу өлкөлөрдө социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларынын бааларына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы республикада уй этинин, кой этинин, 1-сорттогу буудай унунун, тоок жумурткасынын, күрүчтүн жана макарон азыктарынын баалары эң төмөн деңгээлде экендигин белгилейт.
| Товардын аталышы | Өлчөм бирдиги | Кыргызстан | Армения | Тажикстан | Өзбекстан | Беларусь | Россия | Казакстан |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1-сорттогу буудай уну (таразага тартылган) | кг | 36,4 | 88,3 | 76,8 | 43,2 | 37,9 | 40,2 | 42,9 |
| Тоок жумурткасы | 10 даана | 117,7 | 222,2 | 152,1 | 117,1 | 113,2 | 132,9 | 132,3 |
| Каймак май (туздалбаган, майлуулугу 72,5%дан кем эмес, кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) | кг | 663,4 | 1391,7 | 2567,4 | 1168,9 | 762,3 | 1102,6 | 803,8 |
| Уй эти (сулп этинен башкасы) | кг | 767,5 | 970,1 | 1242,5 | 990,7 | 940,8 | 1007,7 | 881,6 |
| Кой эти (сулп этинен башкасы) | кг | 803,1 | 1116,6 | 1174,5 | 1087,2 | 1158,1 | 1416,3 | 1010,5 |
| Күрүч (таразага тартылган, тазаланган ак) | кг | 142,1 | 230,5 | 195,8 | 145,9 | 159,6 | 236,3 | 166,7 |
| Таразага тартылган макарон азыктары (рожки) | кг | 79,7 | 81,4 | 118,5 | 86,4 | 83,4 | 83,7 | 100,5 |
| Тазаланган күн карама майы | л | 163,6 | 219,3 | 249,3 | 206,1 | 197,1 | 158,3 | 185,2 |
| Картошка | кг | 39,2 | 46,5 | 65,2 | 38,0 | 45,2 | 49,9 | 60,1 |
| Сабиз | кг | 48,5 | 58,4 | 55,7 | 43,8 | 84,9 | 84,4 | 76,1 |
| Баш пияз | кг | 32,9 | 37,0 | 54,9 | 29,2 | 54,6 | 43,0 | 42,3 |