Эттин баасына жүргүзүлгөн мониторинг жөнүндө
2026-жылдын 20-августунда, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана аймактык милиция кызматкерлери менен биргеликте Баткен шаарында жайгашкан “Айдарали” базарында жана Т.Садыков, М.Нургазиев, Ж.Бөкөнбаев, Сайдиман ажы көчөлөрүндөгү эт сатуучу жайларга биргеликте эттин бааларына мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1кг уйдун эти 800 сомдон, койдун 1 кг эти 850 сомдон сатылууда эт сатуучуларга негизсиз эттин баасын көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана эттин баасын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында сатуучулар арасында түшүндүрүү иш-чаралары өтүлдү.