Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
25.08.2026 Маалымат борбору

Эттин бааларын турукташтыруу максатында

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) уй жана кой этинин бааларын турукташтыруу максатында республиканын бардык аймактарында комплекстүү иштерди жүргүзүүдө. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын мындан ары өсүшүнө объективдүү экономикалык негиздер аныкталган жок.

Кызмат тарабынан эттин дүң жана чекене баалары, продукциянын өздүк наркы, ошондой эле рыноктогу сунуштун абалы талданууда.

Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча уй жана кой этинин негизги түрлөрүнө сунушталган максималдуу дүң жана чекене баалар иштелип чыкты.

Учурда Кызмат жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте эт рыногунун катышуучулары менен Келишим түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Келишимдин алкагында эттин бааларына жана анын жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү, Кызмат тарабынан сунушталган баалык багыттарды сактоо, ошондой эле мүмкүн болуучу тартыштыкка же баалардын кескин өсүшүнө ыкчам чара көрүү каралат.

Негизги максат — рыноктогу туруктуулукту камсыз кылуу жана калк үчүн эттин жеткиликтүүлүгүн сактоо.

Кызматтын бул багыттагы иштери улантылууда.