Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
03.09.2026 Маалымат борбору

Араван районунда уй жана кой этинин сунушталган максималдуу чекене баалары боюнча макулдашуулар түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү (мындан ары – ары Бөлүм), Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 21-августундагы эт жана эт азыктары рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча тапшырмасын аткаруу максатында, Бөлүм тарабынан 2026-жылдын 21-августунда Ош облусунун аймагындагы райондук мамлекеттик администрацияларга уй жана кой этин сатуу боюнча жума сайын жарманкелерди уюштуруу жана ар бир аймакта эт сатуучу социалдык дүкөндөрдү ачуу боюнча сунуштар жөнөтүлгөн.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан уй жана кой этинин сунушталган максималдуу чекене баалары боюнча, 2026-жылдын 27-августунда Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясында Бөлүмдүн башчысы Ы.Ж.Осмоновдун, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары М.Р.Абиловдун, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана борбордук базардагы эт сатуучулардын катышуусунда Араван районунун Юсупов, Достук айыл-аймактарынын базарларындагы эт сатуучулардын ортосунда уй жана кой этинин сунушталган максималдуу чекене баалары боюнча макулдашуулар түзүлдү. 

 Жогорудагылардын негизинде, Ош облусунун Араван районунун аймагында уй жана кой этинин максималдуу чекене бааларын макулдашуу учурунда, эт сатуучуларга макулдашылган баадан жогору сатпоо жана макулдашылган уй жана кой этинин бааларын керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошону менен бирге, Ош облусунун аймагында уй жана кой этинин макулдашылган максималдуу чекене бааларынын сакталышын контролдоо боюнча, Ош облусунун аймагындагы райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Бөлүм тарабынан мындан ары дагы тиешелүү иштер жүргүзүлөт.

Сүрөт галереясы