Эт азыктарын сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду
Эт жана эт азыктарын сатуу рыногунда кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Н.Т. Мойдиновдун жана Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Ю. Масаидовдун атынан калкка уй жана кой этин сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Макулдашуунун негизги максаттары болуп калкты уй жана кой эти менен камсыз кылуу, эт азыктарына баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө, рыноктун туруктуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын баа түзүү, атаандаштык, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, мыйзамдарынын талаптарын сактоо саналат.
Мындан ары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү эт азыктарына болгон баалардын туруктуулугун камсыз кылуу, баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө жана калктын кызыкчылыктарын коргоо максатында Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрациялары менен тыгыз кызматташууну улантат.
Уй жана кой этинин бааларына мониторинг жүргүзүү Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрациялары менен биргеликте туруктуу негизде улантылат.
Тараптардын өз ара кызматташуусу эт азыктарынын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, рыноктун ачыктыгын жогорулатууга жана баалардын негизсиз өсүшү аныкталган учурда өз убагында тиешелүү чараларды көрүүгө багытталат.