Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
17.09.2026 Маалымат борбору

Уй жана кой эттеринин баасына көзөмөл жүргүзүү мониторинг жөнүндө

2026-жылдын 16-сентябрда, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Раззаков шаарынын вице мэри жана кызматкерлери менен биргеликте уй жана кой эттеринин чекене бааларына Раззаков шаарында эт сатылуучу жайлардагы эт сатуучу жеке ишкерлерге, бааларды турукташтыруу максатында, рейд иштери жүргүзүлдү, жыйынтыгында уй этинин баасы 1 кг. 770 сомдон, ал эми кой этинин 1 кг. 850 сомдон сатылууда. Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана эттин баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында сатуучулар, касапчылар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сүрөт галереясы