Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
24.09.2026 Маалымат борбору

Көмүрдөн КММ: Кызмат өнөр жайлык секирик жасоону сунуштайт

Кыргызстан көмүрдүн олуттуу запастарына ээ, бирок бүгүнкү күндө бул ресурс негизинен отун катары пайдаланылат. Ошол эле учурда заманбап технологиялар көмүрдү синтетикалык суюк көмүр суутектерине, анын ичинде дизель отунуна кайра иштетүүгө мүмкүндүк берет.

Дал ушул себептен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдөн суюк отун өндүрүү боюнча эл аралык жана аймактык тажрыйбаны изилдеп, Кыргыз Республикасында синтетикалык отун өндүрүү менен көмүрдү терең кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тууралуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Экономика жана коммерция министрлигине киргизди.

Кыргызстанда болжолдуу запасы 6,4 млрд тоннадан ашкан 70ке жакын көмүр кени жана көмүр көрүнүштөрү бар. Ошол эле учурда өнөр жайлык запастарды өздөштүрүү деңгээли өтө төмөн бойдон калууда.

Иштеп жаткан ири көмүр объектилеринин бири — Кара-Кече. 2026-жылы бул жерде 1 млн 622 миң тонна көмүр казып алуу пландалган.

Мындан улам мыйзам ченемдүү суроо жаралат: бул чийки заттын бир бөлүгүн жылытуу жана энергетика үчүн гана эмес, кошумча наркы жогору продукцияны, биринчи кезекте мотор отунун өндүрүү үчүн пайдаланууга болобу?

Негизги багыттардын бири — Coal-to-Liquid (CTL), башкача айтканда, көмүрдү суюк отунга айландыруу технологиясы. Кыйыр кайра иштетүүдө көмүр алгач газдаштырылып, синтез-газы — суутек менен көмүртек кычкылынын аралашмасы алынат. Андан кийин синтез-газынан Фишер–Тропш синтези аркылуу суюк көмүр суутектери алынат. Алар кийинки кайра иштетүүдөн соң дизель отунун жана башка мунай продуктуларын өндүрүүдө колдонулушу мүмкүн. Мындан тышкары көмүрдү түздөн-түз суюлтуу технологиялары да бар.

Мындай ыкманын артыкчылыгы — мунай болуп саналбаган өзүбүздүн катуу чийки заттан суюк отун алуу мүмкүнчүлүгүндө.

Мүмкүн болгон көлөмдү түшүнүү үчүн шарттуу сценарийди карап көрөлү: ишкана жылына 100 миң тонна синтетикалык дизель отунун өндүрөт. Болжолдуу эсеп боюнча, өнөр жайлык кайра иштетүүдө 1 тонна көмүрдөн болжол менен 200–300 кг же 240–360 литр суюк отун алууга болот.

Демек, жылына 100 миң тонна дизель отунун өндүрүү үчүн болжол менен 330–500 миң тонна көмүр талап кылынышы мүмкүн.

Иш жүзүндөгү чыгым көмүрдүн сапатына жана тандалган кайра иштетүү технологиясына жараша болот. Ошондуктан бул көрсөткүчтөр болжолдуу мүнөзгө ээ.

Аймактык тажрыйба бул багыт илимий иштеп чыгуулардын чегинен чыгып жатканын көрсөтүүдө.

Мисалы, Казакстандын Павлодар жана Караганда облустарында көмүрдөн дизель отунун өндүрүү боюнча эки инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Ар бир долбоордун кубаттуулугу жылына 100 миң тонна дизель отунун өндүрүү деңгээлинде көрсөтүлгөн. Долбоорлордун наркы тиешелүүлүгүнө жараша 63 млн жана 65 млн АКШ долларын түзөт, ошондой эле 1160 жана 1250 жумуш ордун түзүү каралган.

Белгилей кетүүчү маанилүү жагдай: сөз учурда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор жөнүндө болуп жатат, буга чейин иштеп жаткан өнөр жай заводдору жөнүндө эмес.

Ошол эле учурда Казакстан көмүр химиясынын башка багыттарын да өнүктүрүүдө. Алардын катарына металлургиялык кокс өндүрүү жана көмүрдөн газ алуу боюнча долбоорлор кирет. Ошентип, көмүр энергетикалык чийки зат катары гана эмес, кайра иштетүү деңгээли жогору продукцияны өндүрүүнүн негизи катары да каралууда.

Кыргызстан үчүн маселе чет өлкөлүк тажрыйбаны жөн гана көчүрүп алууда эмес, өзүнүн технологиялык жана экономикалык моделин аныктоодо турат.

Ишкана түзүү жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда төмөнкү багыттар боюнча комплекстүү баалоо жүргүзүү зарыл:

✓ конкреттүү кендердеги көмүрдүн сапатын жана курамын;

✓ ар кандай технологияларды колдонууда алынуучу суюк отундун көлөмүн;

✓ талап кылынуучу көмүрдүн, суунун жана энергиянын көлөмүн;

✓ капиталдык жана эксплуатациялык чыгымдарды;

✓ алынуучу дизель отунунун өздүк наркын;

✓ отундун сапатына коюлуучу талаптарды жана анын колдонуудагы стандарттарга шайкеш келүү мүмкүнчүлүгүн;

✓ экологиялык жүктү жана CO₂ чыгындыларын;

✓ ишкананы жайгаштыруу, чийки затты жана даяр продукцияны ташуу мүмкүнчүлүктөрүн;

✓ алынуучу отундун импорттук отунга салыштырмалуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн.

Долбоордун экономикасы өзгөчө мааниге ээ. Көмүрдүн болушу өзүнөн-өзү эле синтетикалык дизель отунун өндүрүү импортко караганда арзан болот дегенди билдирбейт. Бул технология ири көлөмдөгү баштапкы инвестицияларды, татаал технологиялык инфраструктураны, ошондой эле көп көлөмдөгү энергия менен сууну талап кылат. Мындан тышкары CO₂ни кармоо жана сактоо боюнча чаралар көрүлбөсө, технологиянын көмүртектик жүгү олуттуу бойдон калат.

Эгерде жылына болжол менен 100 миң тонна синтетикалык дизель отунун өндүрүүчү ишканага багыт алсак, Кыргызстанда толук кандуу өнөр жай комплексин түзүүгө талап кылынуучу инвестициялар болжол менен 100–200 млн АКШ долларын, же 9–18 млрд сомду түзүшү мүмкүн.

Бул конкреттүү долбоордун наркы эмес, чыгымдардын көлөмү боюнча алдын ала берилген баа. Иш жүзүндөгү чыгымдар тандалган технологияга, көмүрдүн сапатына жана баасына, сууга жана энергияга болгон муктаждыкка, зарыл инфраструктурага, экологиялык талаптарга жана өндүрүштүн масштабына жараша болот.

Ошол эле учурда көрсөтүлгөн болжолдуу баа өзүнчө техникалык-экономикалык негиздеменин алкагында такталууга тийиш. Казакстандагы ушундай эле билдирилген кубаттуулуктагы долбоорлордун наркынын 63–65 млн АКШ долларын түзүшү аймактык ориентирлердин бири катары каралышы мүмкүн. Бирок бул сумманы түздөн-түз Кыргызстанга колдонуу туура эмес, анткени долбоорлор технологиясы, комплектациясы жана инвестицияларга киргизилген чыгымдардын курамы боюнча айырмаланышы мүмкүн.

Ошентип, көмүрдү суюк отунга кайра иштетүү Кыргызстан үчүн өзүнүн чийки затын терең кайра иштетүүнүн жаңы багытын ачып, кошумча өнөр жай кубаттуулуктарын, жумуш орундарын жана жогорку кошумча наркка ээ продукцияны түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул технологияны мындан ары да изилдөөнү жана өлкөдөгү чийки зат базасын, технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү жана экономикалык максатка ылайыктуулукту эске алуу менен Кыргызстанда синтетикалык дизель отунун заманбап өндүрүшүн түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайт.