КР ЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
2026-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары – Кызмат) аянтчасында «Азия Ритейл» ЖАК, «Умай Групп» ЖЧК («Глобус», «Народный», «Спар»), «Боорсок Инвест» ЖЧК («Алма»), «Шекер» дүкөндөрү жана «Яр-Марка» соода үйүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө калкты кумшекер менен камсыз кылуу жана соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүсү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, тоок жумурткасынын, сүттүн жана сүт азыктарынын, кумшекердин жана башка азык-түлүк товарларынын баасын түзүү маселелери өзүнчө каралды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ата мекендик өндүрүштөгү товарлардын соода түйүндөрүндө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселеси да талкууланды.
Соода түйүндөрү ата мекендик продукцияны жайгаштыруу үчүн өзүнчө текчелерди, стеллаждарды жана башка атайын орундарды бөлүп, ошондой эле «Кыргызстанда жасалган» («Made in Kyrgyzstan», «Изготовлено в Кыргызстане») деген тиешелүү маалыматтык белгилерди колдонууга тийиш.
Соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү бул талаптар жалпысынан аткарылып жатканын билдиришип, ата мекендик продукциянын жайгаштырылышын кошумча текшерүүгө жана аныкталган кемчиликтерди жоюуга даяр экендиктерин белгилешти.
Соода түйүндөрүнө белгиленген мөөнөттө Макулдашуунун долбоору боюнча өз сунуштарын берүү, Кызматтын суроо-талаптарына өз убагында жооп берүү, ошондой эле толук жана так маалыматтарды берүү тапшырылды.
Кызмат соода чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышына жана соода түйүндөрүнүн азык-түлүк товарларын жеткирүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүсүнө мониторинг жүргүзүүнү улантат.