Ысык-Көл областындагы сүттү кайра иштетүүчү заводтор тарабынан кышкы мезгилине чийки сүткө кышкы мезгилге базалык баалары белгиленди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2- декабрындагы №724 токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, ошондой эле, Ысык-Көл областы боюнча райондук мамлекеттик администрациялар жана мэриялардын алдындагы ведомстволор аралык жумушчу топтор тарабынан берилген жана каралып чыккан эсептик материалдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн 2026- жылдын 9-октябрындагы №27, 28, 29 буйруктары менен Ысык-Көл областындагы сүттү кайра иштетүүчү заводтор кышкы мезгилге сатып алуучу 3,4% базалык майлуулугу менен чийки сүткө “Ак-Булак Плюс” ЖЧК 49,0 сом/л, “Ысык-Көл Сүт” ЖЧК 48,0 сом/л, “МайБулак Каракол” ЖЧК 46,0 сом/л, “Ала-Тоо Сүт” АЧК 46,0 сом/л, “Сүт Булак” ЖАК 43,0 сом/л, “Ак-Жалга” ЖАК 43,0 сом/л өлчөмүндө баалар белгиленди. Майлуулугуна жараша сатып алуу баасынын деңгээли төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн. Анда майлуулуктун базистен четтөөсүнө жараша кайра эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы №724 токтому менен бекитилген чийки сүттүн баасын белгилөө тартибиндеги тиркемедеги Ченемдерге (Нормативге) ылайык жүргүзүлөрү белгиленсин.