Бишкек ш. Баатыр Байтик көч. 7б/1 +996 (312)563-303, +996 (312)563-197 priemnaya@antimonopolia.kg
16.10.2026 Маалымат борбору

Токмок шаарында социалдык мааниге ээ товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок шаарындагы «Булак» базарында социалдык мааниге ээ товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингдин негизги максаты — баалардын абалын көзөмөлдөө, азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо.

Мониторингдин жүрүшүндө адистер калк күнүмдүк керектөөчү 16 түрдөгү продукциянын бааларын изилдешти. Алардын катарына жумуртка, өсүмдүк майы, кумшекер жана башка биринчи керектелүүчү товарлар кирет.

Эт азыктарына өзгөчө көңүл бурулду. Алар калктын керектөө себетинде маанилүү орунду ээлейт. Эттин баасы анын түрүнө жана малдын кайсы бөлүгүнөн алынганына жараша айырмаланат.

Ошондой эле адистер ун азыктарынын бааларын изилдешти. Алардын баасы өндүрүлгөн өлкөсүнө жана продукциянын түрүнө жараша айырмаланат.

Бул иштер баалардын негизсиз жогорулашын өз убагында аныктоого жана керектөө рыногунда баа түзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган.

Сүрөт галереясы