Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 21-октябрындагы №219 буйругу менен 2026-жылдын 22-октябрынан тартып 90 күнгө республиканын аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин билдирет. Мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү рыноктогу кырдаалга жараша узартылышы мүмкүн.
Министрликтин буйругун аткаруу максатында Кызматтын аймактык бөлүмдөрү калк үчүн көмүрдүн чекене сатуудагы эң жогорку бааларын кыска мөөнөттө белгилешет. Баалар ар бир облус боюнча, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарлары боюнча өзүнчө аныкталат.
Мындан тышкары, Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери белгиленген баалардын колдонулушун көзөмөлдөшөт. Баалар ашырылган учурда мыйзам бузуучуларга айып пул салынат: жеке жактарга – 3 миң сом, юридикалык жактарга – 13 миң сом өлчөмүндө.
Ошондой эле отун базаларында жана көмүр сатылуучу жайларда текшерүүдөн (поверкадан) өткөн таразалардын, көмүрдүн баасы көрсөтүлгөн баа белгилеринин болушуна карата да көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлөт.
Бул чаралар жылытуу мезгилинде баанын негизсиз көтөрүлүшүнүн алдын алууга, калкты жеткиликтүү көмүр менен камсыз кылууга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана өлкөнүн отун рыногундагы кырдаалды турукташтырууга багытталган.