Сүлүктү шаарында жана Лейлек районунда көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К.Ташбалтаев жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 2026- жылдын 05-ноябрында Сүлүктү шаарында жана Лейлек районунда көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн 2026-жылдын 02-ноярындагы №21 буйругана ылайык Баткен облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендигин тааныштыруу максатында топ базада көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана көмүр баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында, сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.