17.11.2026
Маалымат борбору
Баткен шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан 2026-жылдын 16-ноябрында Баткен шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Баткен шаарынын калкына сатылуучу көмүрдүн чекене баалары көзөмөөлдөнүп, Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана көмүр баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында, сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү