15.05.2024
Бүгүн, 5-март Кыргызстанда улуттук баш кийим – Ак калпак күнү белгиленди.Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен кабыл алынган.Ак калпак күнүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын сыймыктануу менен белгилешти.Кызматтын мырзалары ак калпак ар бир кыргыз уулунун башында сөзсүз болушу керектиги, үйдүн төрүндө улуттук баш кийим катары аздектелиши керектиги тууралуу өз ара пикир алышты. Андан сырткары кыргыздын Ак калпагын […]
24.11.2023
Бүгүн, 2023-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эмгек жамааты менен жолугушту.Жолугушууда Мамкатчы коомдун маданий жана руханий жактан өнүгүшүнө, аялдарга, үй-бүлөлөргө, жаштарга колдоо көрсөтүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана балдарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоонун маанилүүлүгүнө кенен токтолду.Ал мамлекеттик органдардын, жарандардын жана коомдук институттардын маданий жана руханий өнүгүү, билим берүү жана илим маселелери боюнча натыйжалуу өз ара […]
17.11.2023
Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик Башкаруу Академиясы тарабынан “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын” ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери үчүн 40 саатка созулган “Иштиктүү кыргыз тили”. Кыргызтестке даярдык көрүү” курсу өткөрүлдү. Окутуунун жыйынтыгы боюнча кызматкерлерге сертификаттар берилди.
23.09.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эмгек жамааты 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүн белгилеп, атайын КЫРГЫЗ ТИЛИ саатын өткөрдү. Мекеменин кызматкерлери кыргыз тили майрамына карата Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, К. Жантөшев өңдүү залкар жазуучулардын чыгармаларынан көркөм окуп, кыргыз акындарынын ырларын даңазалашты. Кызматтын жетекчиси Г. К. Асылбаева куттуктоо сөзүндө кыргыз тилдин маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстан көп улуттуу мамлекет экенин, кыргыз тили Манас […]
13.09.2023
2023-жылдын 8-сентябрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования Метрологиялык көзөмөлдөө башкармалыгы Бишкек шаарындагы 77-мектепте 9-10-11-класстын окуучуларынын катышуусунда “Кыргыз Республикасынын символдору жөнүндө” маалымат берүү жолугушуусун өткөрдү.Иш-чаранын максаты – мектеп окуучуларына мамлекеттик символдор – туу, гербдин туура колдонулушу боюнча маалымат берип, патриоттук сезимдерин ойготуу.Ачылышында алгач сөздү Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы А.Т. Ахмеджанова баштап, атайын даярдалган видеоролик жана презентация көрсөтүлдү. Окуучуларга […]