КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын

10-декабрындагы № 300 токтомунун

редакциясына ылайык.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – Мамагенттик) укуктук жана уюштуруу иштеринин негиздерин аныктайт.

2. Мамагенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу (метрологиялык көзөмөл), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин жасоо эрежелери чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары жаатында укуктук мураскери болуп саналат.

3. Мамагенттик Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик орган катары мамлекеттик монополияга каршы саясатты ишке ашырган жана отун-энергетикалык комплексинен тышкары экономиканын бардык тармактарында мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.

4. Мамагенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ушул Жобону жана Министрликтин ченемдерин жетекчиликке алат.

5. Мамагенттик мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен бирге аракеттенүү аркылуу өз ишин жүзөгө ашырат.

6. Мамагенттик өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү бар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөргө, штампка, фирмалык бланктарга, казына тутумунда эсептерге ээ, ошондой эле бюджет мыйзамдарында белгиленген тартипте коммерциялык банктарда эсептери бар юридикалык жак болуп эсептелет.

Уюштуруу-укуктук түрү – ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.

7. Мамагенттиктин толук расмий аталышы:

мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги”;

расмий тилде: “Государственное агентство антимонопольного регулирования при Министерстве экономики и финансов Кыргызской Республики”.

8. Мамагенттиктин кыскартылган аталышы:

мамлекеттик тилде: “МКЖСМА”;

расмий тилде: “ГААР”.

9. Мамагенттиктин жайгашкан жери: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү, 7 Б/1.

2. Мамагенттиктин максаттары

10. Мамагенттиктин ишинин максаты болуп атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик монополияга каршы саясатты жана ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу эсептелет.

3. Мамагенттиктин негизги милдеттери

11. Мамагенттиктин ишинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Кыргыз Республикасындагы товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун натыйжалуу иштөөсү үчүн атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо;

2) монополисттик иш-аракетти жана ак ниет эмес атаандаштыкты болтурбоо, чектөө, бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашыруу;

3) керектөөчүлөрдүн жана табигый монополия субъекттеринин кызыкчылык теңдемине жетүүнү, керектөөчүлөр жана бааны жөнгө салуу үчүн сатылуучу товарлардын (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

4) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын мамлекеттик коргоону ишке ашыруу;

5) жарнаманын керектөөчүлөрүн мамлекеттик коргоону ишке ашыруу;

6) ченөөлөрдүн так эмес жыйынтыктарынын кесепеттеринен мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо;

7) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин жана Мамлекеттик гербин даярдоо эрежелеринин талаптарын сактоого көзөмөлдүк кылуу.

4. Мамагенттиктин функциялары

12. Мамагенттик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:

– отун-энергетикалык комплексинен тышкары экономиканын бардык тармактарында бирдиктүү мамлекеттик монополияга каршы, баа саясатын ишке ашырат;

– монополияга каршы мыйзамдарды, ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама, бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тартибин өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгууга катышат;

– Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелерге тиешелүү болгон мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды даярдайт;

– товар рынокторундагы атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кабыл алынган тартипте киргизет;

– товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) тиешелүү товар рынокторундагы атаандаш чөйрөнүн абалына талдоо жүргүзөт;

– монополиялык ишмердик жана ак ниет эмес атаандаштыктын пайда болуусунан, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкты чектөөгө багытталган актыларынан жана аракеттеринен (аракетсиздиктеринен) чарбакер субъекттердин жана жарандардын укуктарын коргоону ишке ашырат;

– Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ишинин чөйрөлөрүнө байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) жана Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттешүүнү ишке ашырат;

– товар рынокторундагы баа кырдаалын көзөмөлдөөнүн (мониторинг) үзгүлтүксүз процессин жүргүзөт;

– Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жөнүндө мыйзамдарынын сакталыш маселелери боюнча мониторингдерди жүргүзөт;

2) жөнгө салуу функциялары:

– табигый монополия субъектилеринин мамлекеттик реестрин түзөт жана жүргүзөт;

– Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзөт жана жүргүзөт;

– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык табигый монополия субъекттеринин ишин жөнгө салуунун түрлөрүн жана ыкмасын аныктайт;

– отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринен тышкары табигый монополия субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат;

– эгерде бул үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин (алардын бирикмесинин) пайда болуусуна, уставдык капиталдагы акцияларды (үлүштөрдү) алууга, монополияга каршы мыйзамда каралган башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга алып келе турган болсо, чарбакер субъекттердин, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кайра түзүү (биригүү, кошулуу, кайра өзгөртүп түзүү) тууралуу өтүнүчүн карайт жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат;

– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамында каралган иштерди кылууга макулдук берүү жөнүндө табигый монополия субъектилеринин өтүнүчүн карайт;

– табигый монополия субъекттеринин товарларын (жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр) жеткирүүгө (сатып алууга) контракттардын формаларын, негизги каражаттарын кайра баалоону, эсепке алуу саясатын жана табигый монополия субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларынын (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) түрү боюнча кирешелердин, чыгымдардын жана тартылган активдердин өзүнчө эсебин жүргүзүү ыкмасын макулдашат;

– мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер тарабынан көрсөтүлгөн билим берүү кызматтарынан башка кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) кабыл алынган тартипте макулдашат;

– аткаруу бийлиги жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн органдары тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтердин наркын белгиленген тартипте макулдашат;

– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын, ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жөнүндө мыйзамдарын бузууларды четтетүү, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамга ылайык келбеген иштери жана Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген башка маселелер тууралуу менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык тараптардын даттанууларын жана арыздарын карайт;

– Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамына ылайык жол берилиши мүмкүн болгон монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына, макулдашууга жетүү ниети менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин кагаз түрүндө түзүлгөн макулдашуунун долбоорунун ылайык келүүсүн текшерүү;

3) координациялоо жана контролдоо функциялары:

– мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча тартип бузууларды токтотуу жана алардын кесепетин жоюу жөнүндө милдеттүү түрдө аткаруу үчүн чечимдерди (көрсөтмөлөрдү, буйруктарды, ж.б.) берет;

– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына, уюмдарга жана мекемелерге, алардын жетекчилерине, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга айып салуу, төлөтүү, жаза пулду жана экономикалык санкцияны колдонуу тууралуу чечимди (токтомду) белгиленген тартипте кабыл алат;

– үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттин монополиялык ишти системалуу түрдө ишке ашырган учурда мажбурлап жиктөө (бөлүү) жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алат;

– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышы үчүн мамлекеттик контролду жүргүзөт, анын ичинде:

үстөмдүк абалды ээлеген, анын натыйжасында атаандаштыкты чектөөгө жана (же) башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин же жеке жактардын кызыкчылыгын басмырлаган чарба жүргүзүүчү субъекттердин (адамдардын топтору) иштерине;

атаандаштыкты чектеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыкка каршы макулдашууларына (макулдашылган иш-аракеттерине);

атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга багытталган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларына жана иш-аракеттерине (аракетсиздигине);

товарларды сатып алууга коюлган монополияга каршы талаптарга;

чарбакер субъекттерди (алардын бирикмелерин) кайра түзүүгө (бириктирүүгө, кошууга, өзгөртүп түзүүгө); табигый монополиянын чарбакер субъекттерин жоюуга; мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды бириктирүүгө, кошууга жана жоюуга, эгерде бул үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин пайда болуусуна алып келе турган болсо;

чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы акцияларды (үлүштөрдү) алууда жана башка учурларда монополияга каршы мыйзамдардын сакталышына;

– табигый монополия субъекттеринин ишине мамлекеттик контроль жүргүзөт, анын ичинде:

табигый монополия субъекттери сатып алууларды жүргүзүүдө;

табигый монополия субъекттеринин бүтүмдөрүнө жана инвестицияларына, чарбакер субъекттердин уставдык капиталына акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда, алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууда;

табигый монополиялар субъекттеринин жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн ортосундагы келишимдердин шарттарына;

– Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузууларды, бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуунун тууралыгын жөнүндө маселелер боюнча иштерди карайт;

– өз компетенциясынын чегинде жарнама жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышы үчүн мамлекеттик контроль жүргүзөт;

– мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгын контролдойт;

– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама жөнүндө, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча, ошондой эле чарбакер субъекттердин, мамлекеттик органдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин бааларды (тарифтерди) түзүүсүнүн жана колдонуусунун тууралыгына белгиленген тартипте текшерүүлөрдү жүргүзөт;

– Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимде белгиленген атаандаштыктын жалпы эрежелеринин сакталышын республиканын аймагында контролдойт;

– атаандаштыкка карата терс таасирин аныктоо, атаандаштыктын абалын талдоо жана транс чек аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоо боюнча ЕЭК менен өз ара аракеттенет;

– мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзөт:

ченөө каражаттарынын, анын ичинде заттардын (материалдардын) курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрү, ченөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо менен мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө, өлчөө каражаттарынын чыгарылышы, абалы жана колдонулушу үчүн, төмөнкү учурларда жүргүзүлүүчү өлчөөлөр үчүн:

1) саламаттык сактоо, ветеринария жаатындагы ишмердүүлүктү жүргүзүү;

2) айлана-чөйрөнү коргоо, транспорттун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында иштерди жүргүзүү;

3) коопсуз шарттарды жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча жумуштарды аткаруу;

4) өндүрүүчү (сатуучу) менен керектөөчүнүн (сатып алуучунун) ортосундагы соода операцияларын жана өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү, анын ичинде:

соода операцияларынын жүрүшүндө четтетилген товарлардын саны үчүн, массанын, көлөмдүн, керектөөнүн же башка өлчөмдөрдүн иш жүзүндөгү наркын жана ушул товарлардын сатылган суммасынын шайкештигин аныктоо үчүн;

таңгактоо, сатуу жана ташып келүү учурунда таңгактын ар кандай түрүндөгү таңгакка салынган товарлардын саны үчүн, таңгактын мазмунун ачуу же деформациясыз өзгөртүү мүмкүн болбогон учурларда, ошондой эле анын көлөмүн көрсөтүү менен массасы, көлөмү, узундугу, аянты же башка өлчөмдөрү таңгакта көрсөтүлгөн таңгакта камтылган товарлар;

5) почта кызматтарын көрсөтүү жана көрсөтүлгөн электр байланыш кызматтарынын көлөмүн эсепке алуу (туташуу узактыгы жана трафиктин көлөмү);

6) техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндө иштерди жүргүзүү, анын ичинде:

метрологиялык көзөмөлдү жүргүзүү боюнча ишти уюштурууну пландайт;

министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү юридикалык жана жеке жактардын метрологиялык кызматтарынын ченемдердин бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдардын талаптарын аткаруу бөлүгүндөгү ишине көзөмөл жана талдоо жүргүзөт;

текшерүүнүн натыйжалары боюнча ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуунун кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;

мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү, бирок ушул тизмеге кирбеген ченөө каражаттарын милдеттүү түрдө текшерүүгө жаткан жумушчу өлчөө каражаттарынын номенклатурасына киргизүү жөнүндө сунуш киргизет;

ички иштер органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо коомдорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен дүң жана чекене соода түйүндөрүндө биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзөт;

мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт:

– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин жана Мамлекеттик гербин даярдоо эрежелеринин талаптарын сактоого;

– продукцияларды сертификаттоо боюнча органдарына;

– ченөө каражаттарынын жана стандарттуу үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тууралыгына;

4) колдоо функциялары:

– мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге жол берилбестиги жөнүндө эскертүүлөрдү берет;

– Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер, ченемдик-укуктук актылар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;

– монополияга каршы мыйзамдардын, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө, жарнама жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин колдонуу боюнча консультация берет жана практикалык курстарды жана семинарларды өткөрөт;

– коомдук уюмдар (ассоциациялар), анын ичинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама маселелери боюнча өз ара байланышты ишке ашырат;

– өз иши жана кабыл алынган чечимдер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка кабарлап турат;

– Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча монополияга каршы жөнгө салуу, ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана жарнама чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдайт;

– Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерге корутунду берүү жол-жобосуна эл аралык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттик органдар, чет мамлекеттердин коммерциялык эмес уюмдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты ишке ашырууга катышат;

– Мамагенттиктин иш процессинде топтолгон архивдик документтерди комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат;

– Мамагенттиктин чарбалык ишинин бухгалтердик эсебин жана финансылык отчеттуулугун жүргүзөт;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашырат.

5. Мамагенттиктин укуктары

13. Мамагенттик төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Министрликке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу боюнча сунуштарды Мамагенттиктин компетенциясынын чегинде киргизүүгө;

2) Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин угууга;

3) Мамагенттиктин компетенциясынын чегинде доо арыздар жана арыздар менен сотторго кайрылууга, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдарды, ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузууга байланышкан иштерди кароодо сот отурумдарына катышууга;

4) зарыл учурда Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу жөнүндө материалдарды укук коргоо органдарына киргизүүгө;

5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттерден жана жеке жактардан өз функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде купуя жана/же коммерциялык сырды түзгөн маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;

6) монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө арыздарды кароодо, экономикалык топтолууга жана атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүдө мамлекеттик контролду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды алуу үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге, уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнөн көз карандысыз чарбакер субъекттерге жана алардын бирикмелерине (кызматтык күбөлүктү жана Мамагенттиктин директорунун чечимин көрсөтүү менен) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнө;

7) кат жүзүндөгү суроо-талаптын негизинде мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын табигый монополиялар субъекттеринин чарба иштери жөнүндө маалыматтарды алууга;

8) объектилердин менчигинин түрүнөн көз карандысыз ченөө каражаттары эксплуатацияланган, өндүрүлгөн, оңдолгон, сатылган, кармалып турган же сакталып турган объектилерге баруу;

9) колдонууга берилген чоңдуктардын колдонулуучу бирдиктеринин дал келүүсүн текшерүү;

10) өлчөө каражаттарынын абалын жана аларды колдонуу шарттарын текшерүүгө;

11) ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын текшерүүгө;

12) соода операцияларын жүргүзүүдө ээликтен ажыратылган товарлардын санын текшерүүгө;

13) мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн өнүмдөрдүн жана товарлардын үлгүлөрүн, ошондой эле ар кандай түрдөгү таңгакталган товарларды алууга;

14) техникалык каражаттарды пайдаланууга жана мамлекеттик метрологиялык көзөмөлгө алынуучу объекттин адистерин тартууга;

15) бекитилбеген типтеги же бекитилген типке туура келбеген, ошондой эле ишенимсиз жана бузук өлчөө каражаттарын колдонууга жана чыгарууга тыюу салууга;

16) мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген өлчөө каражаттарын үзгүлтүксүз бир жолку текшерүүнү дайындоо, зарылчылык болгондо кыскартылган текшерүү ортосундагы интервалды белгилөө;

17) мыйзамдардын милдеттүү талаптарына жооп бербеген өлчөө каражаттарын белгиленген тартипте жүгүртүүдөн алып салууга;

18) ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылуу боюнча улуттук тутумдун катышуучуларынан, ченемдердин бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндө зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды, документтерди жана маалыматтарды акысыз алууга;

19) ченөө каражаттарына метрологиялык экспертиза жүргүзүү жана корутунду берүү үчүн мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын метрологиялык кызматтарынын адистерин алардын макулдашуусу менен – метрологдорун тартууга;

20) белгиленген тартипте, менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө иштеген уюмдардын, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин метрологиялык кызматтарынан алардын ыйгарым укуктарынын чегинде функцияларынын аткарылышы үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга;

21) кеңешүү органдарын (кеңештер, комиссиялар, топтор), анын ичинде курамы жана жобосу Мамагенттиктин директору тарабынан бекитилүүчү иштин белгиленген чөйрөсүндөгү ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;

22) мыйзамдардын бузулушу боюнча иштерди кароодо, текшерүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүдө, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана башка уюмдарды, эксперттерди жана адистерди, анын ичинде айрым иштер жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу менен алектенгенге укуктуу чет элдик уюмдарды тартууга;

23) Министрликтин макулдашуусу менен, белгиленген тартипте эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун, ошондой эле чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен башка документтерди иштеп чыгууга жана кол коюуга катышууга;

24) Мамагенттиктин потенциалын күчөтүү максатында эл аралык, коомдук уюмдардын финансылык каражаттарын мыйзамдарда белгиленген тартипте тартууга;

25) атаандаштык чөйрөсүн баалоо, баа түзүү жана базарлардагы баа кырдаалы, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнак иштери маселелери боюнча сатуучулардын жана сатып алуучулардын арасында сурамжылоо жүргүзүүгө;

26) мыйзамдарда белгиленген тартипте Мамагенттиктин кызматкерлерин кесиптик даярдоону уюштурууга, аларды кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана стажировкага жиберүүгө;

27) Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, практикалык курстарды жана семинарларды, “тегерек столдорду” уюштурууга;

28) ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга жана ведомстволук сыйлыктарга сунуштоо жана сыйлоо тартибин аныктоого;

29) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.

6. Мамагенттиктин милдеттери жана жоопкерчилиги

14. Мамагенттиктин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле кызмат адамдарынын аракеттерин даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары менен жөнгө салынат.

15. Мамагенттиктин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, мыйзам менен корголуучу юридикалык жана жеке жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын так сактоого, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда алган маалыматтарын жалаң гана кызматтык максаттарда пайдаланууга, өз компетенциясынын чегинде жеке, коммерциялык жана мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтардын корголушун камсыз кылууга милдеттүү.

16. Мамагенттик жазуу жүзүндө келип түшкөн даттанууларды/арыздарды карап чыгууга жана чечимдерди кабыл алууга милдеттүү жана арыз ээлерине себептерин көрсөтүү менен өз чечими жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.

17. Мамагенттиктин кызмат адамдары өз милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, мүлктүк жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.

18. Мамагенттик жана анын кызматкерлери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгынын натыйжасында түздөн-түз жоготуулар (зыян, анын ичинде жоготулган пайда) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулууга тийиш.

7. Мамагенттиктин ишин уюштуруу

19. Мамагенттикти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министринин (мындан ары – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри) сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.

Мамагенттиктин директору Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министрине түздөн-түз баш иет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Мамагенттиктин директорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген тартипте кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу орун басарлары бар.

Мамагенттиктин директорунун орун басарлары түздөн-түз директорго баш ийишет жана өз ишин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде ишке ашырышат.

Мамагенттиктин директору жок болгон учурда анын милдеттери орун басарлардын бирине жүктөлөт.

21. Мамагенттиктин директору:

1) Мамагенттиктин ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Мамагенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана чет мамлекеттер менен болгон мамилелерде Мамагенттиктин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерге кол коет;

3) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министрине эмгек акы төлөө фондусу жана штаттык санынын чегиндеги белгиленген чекте Мамагенттиктин түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорун бекитүүгө берет;

4) директордун орун басарларынын функционалдык милдеттерин аныктайт, ошондой эле уюштуруу, кадрдык, финансы-чарбалык жана башка маселелерди чечүүдө Мамагенттиктин башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;

5) Мамагенттиктин борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет;

6) белгиленген тартипте Мамагенттиктин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот жана аларга карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жазаларын колдонот;

7) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде чечимдерди кабыл алат;

8) Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди (буйруктарды, тескемелерди) кабыл алат;

9) Мамагенттиктин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;

10) Мамагенттиктин кызматкерлерине белгиленген тартипте тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;

11) Мамагенттиктин кызматкерлерин, ошондой эле Мамагенттиктин тапшырмаларын аткарууга көмөктөшкөн жарандарды сыйлоо үчүн Мамагенттиктин төш белгилерин (сыйлыктарын) белгиленген тартипте бекитет, ушул төш белгилер (сыйлыктар) жөнүндө жоболорду жана алардын сыпатталышын белгиленген тартипте бекитет, көрсөтүлгөн адамдарды төш белгилер (сыйлыктар), Мамагенттиктин ардак грамоталары менен сыйлайт жана аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун башка түрлөрүн колдонот;

12) Мамагенттиктин кызматкерлерине сый акы берүү жөнүндө маселелерди чечет;

13) биринчи кол коюу укугу менен акча каражаттарынын башкы башкаруучусу болуп эсептелет;

14) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамагенттиктин каражаттарын жана мүлкүн башкарат;

15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Мамагенттик борбордук аппараттан жана аймактык бөлүмдөрдөн турат.

Мамагенттиктин түзүмү жана штаттык ырааттамасы Мамагенттиктин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн болгон бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет. Мында директордун дайындалышы Мамагенттиктин түзүмүн өзгөртүүгө негиз болуп саналбайт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Мамагенттикте курамында директор жана директордун орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, Министрликтин өкүлдөрү, ошондой эле Мамагенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген 11 адамдан турган коллегия түзүлөт.

Коллегиянын жеке курамынын мүчөлөрү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри тарабынан бекитилет.

Мамагенттиктин коллегиясы жөнүндө Жобо Мамагенттиктин директору тарабынан бекитилет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Мамагенттикте мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комиссия бар.

25. Мамагенттиктин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук башталышта иштеген консультативдик-көзөмөлдөөчү орган болуп саналган Коомдук Кеңеш түзүлөт.

26. Мамагенттик республикалык бюджет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен кармалып турат.

27. Мамагенттик өзүнө бекитилип берилген мүлккө карата, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте менчиктөө, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.

8. Корутунду жоболор

28. Мамагенттик өзүнүн ишмердүүлүгүндө Министрликке баш ийет.

29. Мамагеттиктин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

30. Мамагенттиктин иши токтотулган учурда иш-аракеттердин жүрүшүндө келип чыккан документтер “Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.