2022-жылдын 11- 16-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй областтык бөлүмүнүн башчысы С.Маматоморов Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй областынын ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Алымбаевдин Чуй областынын райондорунун эли менен болгон жолугушууларына катышты.
Алсак, 5 күн ичинде Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Жыйынга областтык, райондук мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондун жана айыл өкмөт башчылары, тургундар катышты.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тургундар жол, жер тилкелери, ичүүчү жана сугат суу, айдоо жана жайыт жерлери, пенсия жана жөлөкпулдар, мамлекеттик органдардын эмгек акысы жана иши, социалдык маанилүү товарлардын кымбатташы, чийки сүттүн сатып алуу баасы ж.б көйгөйлөрдү көтөрүштү. ..
Жолугушуулардын жыйынтыгында көпчүлүк маселелер жеринде чечилип, калган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй областтынын ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Алымбаевдин тапшырмасы менен мамлекеттик мекемелер, район, айыл өкмөт башчылары тарабынан ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы кабыл алынат.