2019-жылдын 14- майында К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде “Экономист – эл аралык мамилелер кызматкери, Менеджер- эл аралык кызматкери: ишке орношуу келечеги” темасында тегерек стол өттү.
Аталган иш-чарага Мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы А.А. Мамыралиев жана Жарнак, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Н.А. Алыкулова катышышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө К. Карасаев атындагы БГУ жана Мамлекеттик агенттик ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлган. Келишимге Мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы А.А. Мамыралиев жана БГУ биринчи проректору Д.И. Козуев кол койгон.
Бул келишим жарнак, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, атаандаштык, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана маданий байланыштарды бекемдөө башкармалыгын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү керек болгон теоретикалык жана практикалык билимдерди алуу үчүн студенттердин өндүрүштүк практикасын уюштуруу чөйрөсүндөгү өз ара кызматташууга багытталган.