Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мамлекеттик административдик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү учүн.
Квалификациялык талаптар:
Мамлекеттик административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– экономика, менеджмент, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы жана кредит, банк иши, ишкананын экономикасы (тармактар боюнча), дүйнөлүк экономика, жаратылышты пайдалануу экономикасы, эмгектин экономикасы жана социологиясы багыттары боюнча «экономика жана башкаруу»;
– юриспруденция, «гуманитардык илимдер» тармагында жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
3. Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы туруу” Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздары боюнча типтүү нускама.
4. Кесиптик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Масалык маалымат каражаттары жөнүндө”, Ишкер субьектилерге текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жоболору:
2013-жылдын 18-февралындагы “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө” №83,
2018-жылдын 29-январындагы “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө № 56;
2015-жылдын 7-июлундагы “Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу” №461;
2012-жылдын 2-июнундагы “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү монополияга каршы органдын кароо эрежеси” №366;
2012-жылдын 2-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы мыйзамын бузуу тууралуу иштерди карап чыгуунун эрежелери” №365;
2014-жылдын 30-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” №560;
2009-жылдын 18-майындагы “Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө” №300.
5.Жөндөмү:
– маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– монополияга каршы жөнгө салуунун улуттук жана чет өлкөлүк тажрыйбасын талдоо жана аны практикада колдонуу;
– ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рынокторундагы атаандаштык чөйрөнүн абалына талдоо жүргүзүү;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– жаңы эмгек шарттарына көнүү.
6.Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу, маалыматты талдоо.
Мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
1.Кесиптик билим деңгээли:
– «Журналистика» багыты боюнча «гуманитардык илимдер» тармагында жогорку кесиптик билим.
– техникалык илимдер тармагында жогорку кесиптик билим (сапатты башкаруу, стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология, механика, машина куруу, телекоммуникация, электроника жана микроэлектроника, долбоорлоо жана электрондук каражаттардын технологиясы, электр техникасы, электр механикасы жана электр технологиясы, электр энергетикасы, радио техникасы, информатика жана эсептөө техникасы, технология, жабдуу жана машина куруу өндүрүшүнүн автоматизациясы, прибор куруу).
– экономика, менеджмент, бухгалтердик эсеп жана аудит, финансы жана кредит, банк иши, ишкананын экономикасы (тармактар боюнча), дүйнөлүк экономика, жаратылышты пайдалануу экономикасы, эмгектин экономикасы жана социологиясы багыттары боюнча «экономика жана башкаруу»; юриспруденция багыты боюнча «гуманитардык илимдер» тармагында жогорку кесиптик билим;
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажы талап кылынбайт.
3. Жалпы мыйзамдарды билүүсү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2 Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздары боюнча типтүү нускама.
4.Кесиптик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, Ишкер субьектилерге текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2009-жылдын 22-апрелиндеги «Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» №242, 2015-жылдын 7-июлундагы «Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу» №461; 2012-жылдын 21-июнундагы «Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө» №431, 2020-жылдын 9-мартындагы «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында иштерди уюштуруу жөнүндө» №138, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-майындагы “Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” № 350, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин регламенти жөнүндө» №233.
5.Жөндөмү:
– жогору турган жетекчилердин буйруктарын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдө улуттук жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
– иштиктүү кат алышуу;
– командалык иш.
6.Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштей билүү жана аны иш жүзүндө колдоно билүү.
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылаштыра билүү;
– ЖМКлар үчүн маалыматтарды даярдоо, иш-чараларды уюштуруу (тегерек столдорду даярдоо, анын ичинде ЖМКны тартуу менен), иште колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин натыйжалуу колдоно билүү.
– башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу.
7.Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
-Компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон Word, Excel, “Токтом Корпорация Про” маалыматтык-укуктук тутумун билүүсү
8. Кошумча маалымат:
“Журналистика”, багыты боюнча гуманитардык илимдер жаатында кадрлар резервине киргизүү үчүн Бишкек шаарында жашоо.
Техникалык жана экономикалык илимдер жаатында кадрлар резервине киргизүү үчүн Ош шаарында жашоо.
Экономикалык илимдер жаатында кадрлар резервине киргизүү үчүн Баткен шаарында жашоо.
Ачык конкурска катышуу үчүн арыздарды берүү мөөнөтү 2022-жылдын 30-сентябрына чейин.
Конкурска катышуу үчүн кийинки документтер көктөмөгө тиркелип берилиши керек (Аты жөнү, ИНН, байланыш телефону, дареги, электрондук почтасы):
-арыз;
-кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү жана байланыш маалыматтары менен)
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде берилет)
– нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же иштеген жеринде персоналды башкаруу кызматынын эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш тажрыйбасы менен),
– өмүр баян (соттолгон же соттолбогондугу тууралуу маалымат)
– нотариалдык же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү;
– илимий деңгээлин жана илимий даражасын ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
Конкурска катышуу үчүн документтер Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 7Б/1 дареги боюнча 2022-жылдын 30-сентябры саат 18.00.го чейин кабыл алынат, маалымат үчүн телефондор 0 (312) 56 33 01.
ЭСКЕРТҮҮ: Коюлган талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар, конкурска катышууга киргизилбейт.