Акы төлөнүүчү кызматтарды жөнгө салуу бөлүмү акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтерди түзүү жана колдонуу жобосуна ылайык маалымат берет:
06.04.2023Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин “Алдын алуучу медицина” илимий өндүрүштүк бирикмеси, менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук хирургия борбору тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарынын прейскурант тарифтери макулдашылган.
06.04.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик 2016-жылдын 2-февралында Бишкек шаардык үй-бүлөлүк медицина борбору жана республика боюнча бүтүндөй көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү медициналык кызматтар маселеси боюнча тегерек стол өткөрдү.
Тегерек столдо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Бишкек ш. 10 ашык ҮМБ жетекчилери, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаардык бөлүмүнүн акы төлөнүүчү кызматтар бөлүмүнүн кызматкерлери катышты, жыйын Мамлекеттик агенттиктин директору Б.К. Казаковдун төрагалыгы алдында өттү.
ҮМБ жетекчилери мурда акы төлөнүүчү медициналык кызматтарга карата Мамлекеттик агенттиктин дарегине кайрылышкан, бирок Мамлекеттик агенттик аткаруу органы болуп эсептелгендиктен жана өз иш-аракеттерин мыйзам чегинде аткаргандыктан медициналык кызматтар жаатындагы маселелер жана көйгөйлөр чечилген эмес. Ушуга байланыштуу медициналык кызматтарды алуучулардын кызыкчылыктарны коргоону эске алуу менен бардык көйгөйлөрдү чечүү жана аянтчаны түзүү үчүн бул тегерек стол уюштурулган. Тегерек столдо азыркы учурда ҮМБ дуушар болуп жаткан бир катар көйгөйлөр айтылган, акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү бөлүгүндө ҮМБ ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар коллизиясынын пайда болуу себептери аныкталган.
Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын дарегине ЧУА коллизияларды жоюу жана калк үчүн акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү системасын жакшыртуу боюнча сунуштар менен катты жолдоо чечими кабыл алынды.