Мамагенттиктин прейскуранты макулдашылган
07.04.2023Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды
07.04.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин акы төлөнүүчү кызматтарды жөнгө салуу бөлүмү Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана 2000-жылдын 26-октябрындагы №637-токтому менен бекитилген «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды (иштерди) көрсөтүү үчүн акы төлөөнүнүн өлчөмүн аныктоо» тартибинин негизинде Мамагенттиктин 2016-жылдын 4-октябрынын №72-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскуранты, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык тери венерологиялык борбору тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскуранты Мамагенттиктин 2016-жылдын 21 – октябрынын №74-буйругу менен макулдашылган.