Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин буйругу жокко чыгарылды
07.04.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын “Унаа” ММ көрсөткөн мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарынын тарифтери Монополияга каршы орган тарабынан төмөндөтүлдү
07.04.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 11-декабрындагы №39 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акы төлөмө кызматтардын төмөндөгү түрлөрүнө тарифтер макулдашылды.
№ | Кызматтын аталышы | Тариф (сом) |
1 | Жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду, толуктоолорду тез арада киргизүү | 585 |
2 | Фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөртүлүшүн тезинен каттоо | 585 |
Көрсөтүлгөн тарифтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын 16-декабрындагы №265 буйругу менен бекитилип, 2021-жылдын 4-январынан тартып күчүнө кирет.