Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын “Унаа” ММ көрсөткөн мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарынын тарифтери Монополияга каршы орган тарабынан төмөндөтүлдү
07.04.2023Мамагенттиктин 2020-жылдын 18-декабрындагы №43 буйругу менен автомототранспорттук каражаттарды баалоо боюнча тарифтик торчо макулдашылган
07.04.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 18-декабрындагы №42 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды тез арада ырастоо боюнча акы төлөмө кызматтарынын тарифи 1 маалымкатка 156 сом өлчөмүндө макулдашылды.
Көрсөтүлгөн тариф Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №269 буйругу менен бекитилип, 2021-жылдын 4-январынан тартып күчүнө кирет.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспортуна ылайык, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы жөнүндө – 2 иш күндөн ашык эмес;
- Белгилүү бир дарек боюнча катталган жарандардын саны жөнүндө – 2 иш сааттан ашык эмес;
- Арыз ээсине Кыргыз Республикасынын жарактуу улуттук паспортторунун болушу жөнүндө – 2 сааттан ашык эмес;
- Жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө – 3 иш күндөн ашык эмес.