Калкты көмүр отуну менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу боюнча түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн Мамагенттиктин директорунун орун басары Тайлаков К.Д. 2017-жылдын 4-ноябырдан 6-ноябырга чейин Ош жана Баткен облустарындагы абал менен таанышып келди.
07.04.2023«Гознак» ЖЧКсына жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн бланктарын даярдоого баалар (тарифтер) Мамагенттиктин 2017-жылдын 30 ноябырындагы №44-буйругу менен белгиленген.
07.04.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017- жылдын 4- апрелинин №202 “Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жана жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2017- жылдын 26 -октябрынын №38 буйругу менен атайын унаа токтоочу жайга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоого, жайгаштырууга тарифтердин чектүү максималдуу көлөмү– 1500 сом өлчөмүндө макулдашылды.