Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы №544-б буйругунун 1-пунктунун 3-абзацын аткаруу максатында,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген «Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер
субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилген эсептик материалдардын негизинде,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын
улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору
жөнүндө маалыматты банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, кредиттик бюролорго, төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын
операторлоруна, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга берүү боюнча кызматынын баасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин 2019-жылдын 18-февралындагы №2 буйругу менен, 2019-жылдын 1-декабрына чейин,
макулдашылды.