Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун аймактык бөлүмдөрү тарабынан аткарылган иштердин жана кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды
07.04.2023Катарактаны факоэмульсификациялоо операциясынын жүргүзүү боюнча медициналык кызматтын тарифинин прейскуранты макулдашылды
07.04.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмесин)” мамлекеттик кызматтын 417 түрү киргизилген, анын ичинен:
262 – акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
155 – акысыз мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр.
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн көпчүлүк түрлөрү (архивдик, медициналык кызмат көрсөтүүлөр, стандартташтыруу кызматтары ж.б.) акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн көп сандаган позицияларын камтыйт. Мисалы, Бирдиктүү реестрде арыздар жана келишимдер боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү боюнча кызматтын түрү 1369 акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн позициясын камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо” тартибине ылайык, ар бир позицияга калькуляциясы чыгымдардын бардык статьясы боюнча толукталып түзүлөт, б.а. Монополияга каршы орган ар бир позиция боюнча тарифти эсептөөнүн экономикалык негиздемесин карайт.
2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | |
Макулдашылган позициялар | 2516 | 1559 | 2624 |
Долбоордон тарифтерди төмөндөтүү | 30%га чейин | 34 % га чейин | 59% га чейин |
Өздүк наркка кошулган негизсиз чыгымдардын суммасы, сом | 13 664 600 | 20 658 800 | 43 660 800 |
Таблицада көрсөтүлгөндөй, 2021-жылы 43,6 млн.сом негизсиз чыгымдар тарифтердин өздүк наркынан чыгарылды жана 59%га чейин керектөөчүлөргө үнөмдөө таасирин берди.
Ошондой эле, ар бир шаарда жана айыл өкмөттөрүндө жергиликтүү кеңештер бекиткен муниципалдык кызматтар бар. Бул кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер Монополияга каршы органдын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашылат.