2017- жылдын 26 -октябрынын №38 буйругу менен атайын унаа токтоочу жайга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоого, жайгаштырууга тарифтердин чектүү максималдуу көлөмү– 1500 сом өлчөмүндө макулдашылды.
07.04.2023Мамагенттиктин 2017- жылдын 3 ноябырындагы №39 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Башкы башкармалыктын “Техникалык багыттагы борбору” мамлекеттик ишканасына Атайын унаа турукта эвакуацияланган транспорт каражаттарын сактоого баалардын (тарифтердин) чектүү максималдуу деңгээли макулдашылган.
07.04.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-ноябрындагы № 540-6 буйругунун 2-пунктун аткаруу маскатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтому менен бекитилген Мамлекет жөнгө салган чарбакер субьекттердин товарларына (жумуштарына, кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоо тартиби жөнүндө жобого ылайык «Гознак» ЖЧКсына жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн бланктарын даярдоого баалар (тарифтер) Мамагенттиктин 2017-жылдын 30 ноябырындагы №44-буйругу менен белгиленген.
Макулдашылган көрсөткүч: 7.