Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы көрсөткөн мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтер Монополияга каршы орган тарабынан макулдашылды
07.04.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы көрсөткөн мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтер Монополияга каршы орган тарабынан макулдашылды
07.04.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 18-декабрындагы №44 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын “Унаа” ММ көрсөткөн мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарынын тарифтери төмөндөтүлдү.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү үчүн учурдагы тарифтерге салыштырмалуу орто эсеп менен 34,2% төмөндөдү.
Тарифтер 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, буга чейин Монополияга каршы органдын чечими менен республикалык бюджеттин пайдасына монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн “Унаа” ММга 130,0 млн.сомдон жогору суммага айып салынган.