Нарында сапатсыз тейлөө боюнча текшерүү жүрдү
16.05.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кароосунда “Маркетинг-Сервис” ЖЧКнын ичүүчү суу жана саркынды суу тарифтери каралып жатат.
16.05.20232023-жылдын 15-май күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы Эмил Мажитов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана ветеринардык кызматтын адистери менен биргеликте, борбордук базардын айланасындагы эт сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүштү. Эт сатуучуларга уй, кой жана жылкы этинин бааларын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүлдү. Ошондой эле эт сатуучу дүкөндөрдүн санитардык абалы да текшерилип, талаптагыдай абалга келтирүү боюнча көрсөтмөлөр берилди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн адистери, эттин баалары тууралуу маалымат баракчалары, кардарларга көрүнүп турчу жерге илинип туруусу керектигин эскертишти.