Кыргызстанда көмүргө максималдуу баалар белгиленди
26.10.2023Ош шаарындагы “Ак-Ниет” гипермаркетине тандыр нандын баасын белгиленген баадан жогору саткандыгы үчүн айып пул салынды
30.10.20232023-жылдын 26-октябрь күнү Ош облустук бөлүмдүн кызматкерлери Борбордук аппараттын жана Араван райондук администрациясынын ошондой эле салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Араван районунун аймагында нан жасоочуларга жана нан сатуучуларга, биринчи сорттогу буудай унунан жасалган бөлкө жана тандыр нандын чекене жана дүң баасынын жогорку чектик денгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө сатылып жаткан 230 грамм тандыр нандын дүң баасы 19-20 сомдон, чекене баасы 20-22 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.
Мониторинг учурунда 5 нан жасоочу жай 232-238-240 граммдык нанды 25 сомдон, 280 граммдык нанды 30 сомдон сатып жаткандыгы аныкталып, бааны төмөндөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 5 жазма эскертүү берилди.