Бүгүн 29-декабрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования бир катар кызматкерлери сыйланышты.
29.12.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жалпы кыргыз элин 2024- Жаңы жыл майрамы менен куттуктайт!
31.12.2023Кызматтын дарегине У.Т.А. аттуу жарандан, сатып алынган товар үчүн төлөнгөн акча каражатын кайтарып берүү маселеси боюнча электрондук кайрылуусу келип түшкөн.
Билдирүүгө ылайык, керектөөчү «B.I.» дүкөнүнөн айымдын курткасын сатып алган, бирок үйгө келгенде фасону жана түсү туура келбейт экенин байкаган.
Ошого байланыштуу, керектөөчү сатуучуга сатып алынган куртка боюнча акча каражатын кайтарып берүү боюнча өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, тилекке каршы керектөөчүнүн талаптары сатуучу тарабынан канаттандырылган эмес.
Кайрылуунун негизинде Кызмат Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде товар формасы, көлөмү, фасону, түсү, өлчөмү боюнча же башка себептер менен керектөөчү тарабынан тиешелүү максаты боюнча пайдаланылышы мүмкүн болбосо, керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон мындай азык-түлүк эмес товарды өзү сатып алган сатуучудан алмаштырып алууга укуктуу.
Керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес товарды сатылып алынган күндү кошпогондо он төрт күндүн ичинде алмаштырып алууга укуктуу, дүкөндүн сатуучусу менен тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, керектөөчүнүн алынган товарын кайтарып берүү укугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгиленген норманын негизинде жана Кызмат кызматкери тарабынан түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен дүкөн сатып алынган товар (куртка) үчүн төлөнгөн 13440 миң сом акча каражатын керектөөчүгө кайтарып берген.