Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын Экономикалык өнүгүү секторунун жетектөөчү адиси Б.Абдукаровдун жана райондук салык башкармалыгынын башкы инспектору А.Эргешовдор менен биргеликте, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан ири соода түйүндөрүндө жана базарларында 2024-жылдын 11-июнунда социалдык маанилүү товарлардын бааларына, төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча QR-код, электрондук акчалар менен төлөм кабыл алуусу, табигый тамак-аш азыктарынан жасалган продукттарды, кошулмалар кошулуп жасалган продукттар менен аралаштырбай, өзүнчө текчелерге жайгаштыруу жана “Кыргызстанда жасалган” деген шелфтокерлер боюнча мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен баалар (минималдуу-максималдуу):
- Нан азыктары (тандыр нан) 1кг. 86 – 100 сом;
- 1-сорттогу буудай уну (жерг.) 1 кг. 34 – 38 сом;
- Уй эти 1кг. 480 – 500 сом;
- Кой эти 1кг. 560 – 580 сом;
- Күрүч 1кг. 110 – 220 сом;
- Кум шекер 1кг. 85 – 90 сом;
- Тазаланган өсүмдүк күн карама майы 1л. 110 – 150 сом;
- Жумуртка 10 даанасы 110 – 140 сом;
- Макарон (рожки) 1 кг. 75 – 80 сом;
- Макарон (спагетти) 400гр. 70 – 75 сом;
- Картошка 1кг. 30 – 40 сом;
- Сабиз 1кг. 30 – 35 сом;
- Пияз 1 кг. 20 – 25 сом экендиги аныкталды.
Мониторинг учурунда базарда жана соода түйүндөрүндө эмгектенген ишкерлерге бааны негизсиз жогорулатпоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөгү жана башка мыйзамдардын талаптарын так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.