Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №265 токтомунун 3-пунктун аткаруунун алкагында:
26.06.2024«Кыргызтелеком» ААК тарабынан көрсөтүлүүчү «телефондук канализациясынан пайдаланууга үчүнчү жактарга орун берүү» кызматына тарифтин күтүлүп жаткан өзгөрүүлөрү жөнүндө маалымат
26.06.2024- КИРИШҮҮ
Кыргыз Республикасындагы Атаандаштыктын абалы тууралуу жылдык отчету жана атаандаштыктын эрежелерин бузууга кысым көрүлгөн чаралар тууралуу 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча отчетунда (мындан ары – Атаандаштыктын абалы тууралуу жылдык отчету) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органы тарабынан атаандаштыкты коргоо, өнүктүрүү жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча аткарылган иштер гана эмес, республиканын рынокторундагы атаандаштыктын абалы жана Кыргыз Республикасындагы экономиканы турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар камтылган.
Атаандаштык рынок экономикасынын нормалдуу иштешинин зарыл жана аныктоочу шарты болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүнү, өлкөнүн экономикасынын инвестициялык жагымдуулугун жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү эске алуу менен таза атаандаштык чөйрөсүндө бизнести өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлдү.
Товардык рыноктордун инвестициялык жана инновациялык продуктылары үчүн ачыктыгы, биздин республиканын экономикасынын жана глобалдык интеграциясынын өнүгүшүнө гана өбөлгө түзөт, бирок, белгилей кетсек, рыноктогу абалга тышкы факторлордун таасири, товарлардын айрым түрлөрү боюнча жогорку импорттук көз карандылыгы, логистикалык шарттар жана көптөгөн өлкөлөрдүн өндүрүш процесстери геосаясий кырдаал олуттуу таасирин тийгизди.
2023-жылы дүйнө жүзү боюнча баалар көтөрүлбөгөн бир дагы товарлар категориясы болгон эмес: мунай жана газдан тартып, жумуртка менен сүткө чейин. Бардык ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерде да керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган.
Азык-түлүк товарларына баалардын жогору өсүшү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерде Казакстанда (8,5%га) жана Россияда (8,2%га) катталган. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң көп өсүшү Кыргызстанда (12,2%га) жана Казакстанда (9,1%га), акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө – Казакстанда (12,4%га) жана Кыргызстанда (9,1%га) белгиленген.
Түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, 2023-жылы монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан монополияга каршы саясатты ишке ашыруу жана атаандаштык үчүн шарттарды түзүү аркылуу, товардык рыноктордогу кырдаалды турукташтырууга жана атаандаштыктын ченемдерин жана эрежелерин бузууга жол бербөөгө багытталган жаңы механизмдерди киргизүү боюнча иш улантылды.
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары жана аны өркүндөтүү
Кыргыз Республикасынын “Баа түзүү жөнүндө” Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2023-жылдын 11-апрелинде кол коюлган жана 2023-жылдын 18-июлунан тартып күчүнө кирген.
Мыйзамдын максаты – бирдиктүү мамлекеттик баа саясатын ишке ашырууну камсыз кылуу болуп саналат. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик баа саясатынын укуктук негиздерин белгилеп, бааны жөнгө салуунун ыкмаларын, бааны жөнгө салуунун чөйрөсүн, ошондой эле аны киргизүүнүн жана колдонуунун негиздерин жана тартибин аныктайт.
Ошондой эле, Мыйзам мамлекеттин кызыкчылыктарын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бааларды (тарифтерди) турукташтыруу, калкты социалдык жактан коргоо, баалардын берилген деңгээлине карата тараптардын милдеттерин, жоопкерчилигин аныктоодо, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттер жана (же) мамлекеттик органдардын баа келишимдерин түзөөрүн аныктайт.
Келишим ыктыярдуу болуп саналат, анын катышуучулары жайгашкан жерине, уюштуруу-укуктук формасына жана рыноктогу абалына карабастан бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.
Негизги акыркы продукцияны өндүрүүчүлөрдүн, чийки затты, ресурстарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосунда баа келишимин даярдоонун жана түзүүнүн максаттары, келишимге катышкан ишканалардын – алардын продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, сатуу көлөмүн көбөйтүү, сатуунун көлөмүн жогорулатуу жолу менен алардын ишин турукташтыруу, өз ара эсептешүүлөр, келишимдин тараптарынын продукциясына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды турукташтыруу, жарандардын экономикалык кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү болуп саналат.
Монополияга каршы мыйзамдарды бузган чарбакер субъекттердин ортосунда баа келишимдерин түзүүгө тыюу салынат.
“Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтому кабыл алынып, төмөндөгүчө бекитилген:
– Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмеси;
– социалдык жактан маанилүү товарларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартиби;
Социалдык маанилүү товарлардын тизмеги тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарлардан турат, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1. Биринчи сорттогу буудай уну
2. Биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктары (тандыр нан)
3. 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт
4. Өсүмдүк күн карама майы
5. Каймак май (туздалбаган, 72,5%дан аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз)
6. Эт (уй эти жана кой эти, сулп этинен башкасы)
7. Кумшекер
8. Күрүч (тазаланган ак)
9. Макарон азыктары (вермишель, спагетти, рожки)
10. Тоок жумурткасы
11. Жашылчалар (картошка, сабиз, пияз)
12. Көмүр
13. Аи-92 маркасындагы бензин, дизель майы
14. Суюлтулган көмүр-суутек газы (СКГ)
15. Минералдык жер семирткичтер (аммиак селитрасы, карбамид, аммофос)
16. Тоюттар (чөп).
Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жыл ичинде 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө киргизилет жана зарыл болгон учурда узартылышы мүмкүн.
Социалдык маанилүү товарларга бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берилген.
Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенден бери:
1) социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартиби колдонулат;
2) социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин сактоону контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2023-жылдын 15-мартында “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, алар соода ишин жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүүгө, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого, соода объектилеринде товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана соода ишинде атаандаштыкты коргоого багытталган.
Мыйзамда Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн тамак-аш азыктарын ташуучуларды акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүүгө мажбурлоого тыюу салат, анын ичинде үчүнчү жактар менен да акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзүүгө мажбурлоого, товарларды таңгактоо, тамак-аш азыктарын, логистикалык кызматтарды, тамак-аш азыктарын өүктүрүү боюнча, даярдоодо, кайра иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө жана башка келишимдерди түзүүгө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн тамак-аш азыктарын ташуучулар тарабынан чекене соода түйүндөрүнө бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнө 5 пайызга чейинки чекти киргизет.
Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында жеткирилген товарлар үчүн төлөө мөөнөтү да төмөндөгүдөй чектелген:
1) социалдык мааниге ээ тамак-аш азыктары чекене соода тармагы тарабынан товарлар сатылган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен төлөнүүгө тийиш;
2) азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) тарабынан алып келинген тамак-аш азыктары чекене соода тармагы тарабынан товарлар сатылган күндөн тартып 14 календардык күндөн кечиктирбестен төлөнүүгө тийиш;
3) башка ички соода субъекттери тарабынан берилген тамак-аш азыктары жана азык-түлүк эмес товарлар ички соода субъекттеринин ортосундагы келишимдерге ылайык төлөнүүгө тийиш.
Ошол эле учурда, соода ишин жүзөгө ашырууда азык-түлүк товарларын жеткирүү келишимин түзүү шарттарына карата ички соода жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөр киргизилген.
- Экономиканын айрым тармактарындагы атаандаштыктын абалын талдоо.
2023-жылы республиканын товардык рынокторунун түзүмү төмөндөгүдөй:
- Табигый монополиялардын товардык рыноктору
Табигый монополиялардын чөйрөлөрү «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган, алар:
1) магистралдык түтүктөр аркылуу мунай жана мунай продуктыларын ташуу;
2) жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү, сактоо жана сатуу;
3) электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү, сатуу, берүү;
4) улуттук энерготутумду оперативдүү диспетчердик башкаруу боюнча кызматтар;
5) борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана канализация (региондордогу суу менен камсыздоо жана канализация ишканалары);
6) жалпы пайдалануудагы электр байланышы жана почта байланышы («Кыргызтелеком» ААК, «Кыргыз почтасы» ААК);
7) темир жол аркылуу ташуу («Кыргыз темир жолу» УК МК);
8) эл аралык жана транзиттик каттамдар үчүн аэронавигациялык кызматтарды кошпогондо, учууларды аэронавигациялык камсыздоо («Кыргызаэронавигация» ММ);
9) ички аба жолдору аркылуу ташууну жерде тейлөө («Манас» эл аралык аэропорту» ААК).
Отун-энергетика комплексинин чөйрөлөрүндө монополияга каршы жөнгө салуу, отун-энергетика комплексиндеги мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Монополияга каршы мамлекеттик орган – Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) табигый монополиялардын субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат.
2024-жылдын 1-январына карата табигый монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары – Реестр) киргизилген чарбакер субъекттердин жалпы саны 81 бирдикти түзөт.
2023-жылы кошумча «Кемин Водоканал» МИ, «Лебединовкаводоканал» МИ - суу түтүктөрү жана курулуш объектилерин инженердик тармактарга кошуу үчүн кызмат көрсөтүүлөр Реестрге киргизилген.
2023-жылы табигый монополиялар орун алган рыноктордо, мисалы, альтернативдүү варианттардын негизинде, санариптик технологиялардын өнүгүшү, почта жөнөтмөлөрүнүн санынын кыскарышы же темир жолдогу комфорттуу панорамалык жана VIP вагондор болгонуна карабастан, олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок.
Ушуга байланыштуу, Монополияга каршы мамлекеттик органдын негизги милдети болуп табигый монополиялардын тарифтерин кармап туруу жана табигый монополиянын субъектиси менен анын керектөөчүлөрүнүн ортосундагы кызыкчылыктардын тең салмактуулугун камсыз кылуу бойдон калууда.
Белгилей кетсек, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК нын аэропорттук кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери, «Кыргызаэронавигация» МИ си 5 жылдан бери монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан кайра каралбай, мурдагы деңгээлде сакталып турат.
2023-жылы “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтому менен бекитилген мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (иштерине, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык, кийинки иштер жүргүзүлгөн:
«Кыргыз почтасы» ААК 2023-жылдын 28-мартындагы № 10 буйругу менен республика ичинде кагаз жүзүндөгү корреспонденцияны жөнөтүүгө баалар (тарифтер) белгиленген. Негизсиз чыгашалар жоюлуп, тарифтердин деңгээли долбоордук деңгээлден 15,6%дан 17,0%га чейин төмөндөтүлдү. Азыркы деңгээлден тариф жогорулатуу менен макулдашылган.
Учурда мамлекеттик почта байланышынын үлүшү – 98%дан ашуун, ал эми кат жүзүндөгү корреспонденция секторундагы мамлекеттик эмес операторлор 2%га жакын. Почта кызматтары рыногунун башка тармактарында эркин атаандаштык бар.
Эл аралык тажрыйбанын негизинде атаандаштыкты өнүктүрүү, республиканын бардык аймагында жогорку сапаттагы универсалдуу почта кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында айрым категориялардагы, максималдуу салмактагы жана өлчөмдөрдөгү жазуу жүзүндөгү кат-кабарларды жөнөтүү үчүн тарифтерди гана мамлекеттик жөнгө салууда калтыруу максатка ылайыктуу. Жазуу жүзүндөгү корреспонденцияларды дүңүнөн жөнөтүү, почталык открыткаларды жана посылкаларды жөнөтүү мамлекеттик тарифтик жөнгө салууга тийиш эмес.
Башкача айтканда, «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын ишин табигый монополия чөйрөсүнөн атаандаштык абалына жарым-жартылай өткөрүү зарыл.
Азыркы учурда, санариптик платформалардын өнүгүү доорунда, көптөгөн бизнес-процесстерди кыйла жеңилдеткен жеке продукт рынокторунда олуттуу өзгөрүүлөр бар. Мисалы, алар жазуу жүзүндөгү кат алышууну колдонуудан баш тартып, бизнес деңгээлинде да, жеке кат алышууда да маалымат алмашууда же жеке маалыматтарды суроодо электрондук өз ара аракеттенүүнү көбүрөөк колдонуп жатышат.
Жогорудагылардын негизинде, Монополияга каршы орган тарабынан “Кыргызпочтасы” ААКтын ишмердүүлүгүнө табигый монополист катары кызмат көрсөтүү жагынан талдоо жүргүзүү улантылат.
Кыргызтелеком» ААК. Кызматтын 2023-жылдын 5-июлундагы №30 буйругу менен «Телефон үчүн абоненттик төлөм» жана «жалпы пайдалануудагы тармакка кирүүнү камсыз кылуу (орнотуу) кызматтарына тарифтер белгиленген.
«Кыргызтелеком» ААКнын долбоордук деңгээлинен тарифтердин төмөндөшү 30,5%дан 54,5%га чейин болуп, негизсиз чыгымдар алынып салынды.
Абоненттердин санынын азайгандыгына байланыштуу, жеке жактар үчүн тариф колдонулуп жаткан деңгээлинен жогорулатуу менен макулдашылган.
Юридикалык жактар үчүн «телефондун абоненттик төлөмү» жана «жалпы пайдалануучу түйүнгө кирүүнү камсыздоо (орнотуу)» тарифи мурдагы деңгээлинде калды.
«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы.
Ишкананын Эсеп саясаты макулдашылган.
Жүргүнчүлөрдү атайын отургучтары бар VIP категориядагы вагондо жүрүү үчүн (туруктуу) тариф 800 сом/адам (чоңдорго) жана 400 сом/адам (балдарга) деңгээлинде макулдашылды.
“Радиорелейлик магистралдык, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу республикалык өндүрүштүк бирикмеси” ААКсы.
Жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана жалпысынан башка иш-чаралар боюнча кирешелердин жана чыгымдардын өзүнчө эсебин жүргүзүүнүн методикасы макулдашылды.
- Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттердин катышуусундагы товар рыноктору
01.01.2024-жылга карата Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттердин мамлекеттик реестрине (мындан ары – Реестр) киргизилген чарбакер субъекттердин жалпы саны 103тү түзөт, анын ичинен:
- республикалык реестрде – 23 субъект;
- аймактык реестрлерде – 80 субъект.
Үстөмдүк (доминанттар) абалды ээлеген чарбакер субъекттердин ишине «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүлөт.
Экономикалык жана статистикалык байкоо жүргүзүүнүн алкагында жүргүнчүлөрдү ташуучу аба ташуу кызматтары рыногунда, цемент, кант жана күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда, мобилдик радиотелефон байланыш рыногу, домендик аталыштар рыногу жана чийки сүттү сатып алуу рыногуна, атаандаштыктын абалына сереп салып, талдоо жүргүзүлдү.
Күйүүчү май рыногу.
Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майга болгон жылдык керектөөсү 1,4 миллион тоннага жакын.
Кыргыз Республикасына күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан (Омск нефтини кайра иштетүүчү завод, Орск нефтини кайра иштетүүчү завод, Ангарск нефтини кайра иштетүүчү завод, Башнефть заводу) ишке ашырат.
Белгилей кетсек, күйүүчү-майлоочу майлар биржалык товар болуп саналат. Ушул себептен баалар түздөн-түз биржалык котировкалардан жана россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун бааларынан көз каранды, анткени Кыргыз Республикасы бул рынокто импортко көз каранды бойдон калууда, ал эми баалар тышкы факторлордон көз каранды.
Бүгүнкү күндө бензин боюнча Мамлекеттик Реестрге “Атаандаштык жөнүндө” КР мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык үч компания киргизилди: “Газпром Нефть Азия” ЖЧКсы, Альфа Ойл ЖЧКсы, «ПХ-Кыргызнефтепродукт» ЖЧКсы.
Азыркы учурда рынокто кырдаал өзгөрдү:
- Бензин рыногунда 2 чарбакер субъект – «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсы жана «Альфа Ойл» ЖЧК 72% биргелешкен үлүшү менен үстөмдүк кылуучу абалды ээлейт.
- 3 чарбакер субъект – «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсы, «Альфа Ойл» ЖЧКсы жана «Партнер Нефть» ЖЧКсы жалпы үлүшү 70,4%, б.а. дизелдик отун рыногунда үстөмдүк абалды ээлейт.
Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамына ылайык, аталган субъекттерге мындан ары экономикалык жана статистикалык мониторинг жүргүзүү көзөмөлүндө калат.
2023-жылы Кызмат Кыргызстандагы нефтетрейдерлер менен иштөөнүн жаңы механизмин сунуштаган.
Кызматтын жана нефтетрейдерлердин 2023-жылы рынокто биргелешкен ишинин олуттуу натыйжасы болуп 2023-жылдын 13-декабрындагы Кызматташуу келишиминин түзүлүшү саналат.
Нефтетрейдерлер калктын таламдарын эске алуу менен күйүүчү-майлоочу майлар менен адилеттүү баада туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле алардын негизсиз өсүүсүнө жол бербөө үчүн социалдык жоопкерчиликти көрсөтүп, төмөнкүлөргө милдеттеништи.
•тышкы факторлорду жана монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон ички саясатты эске алуу менен калк үчүн мунай продуктуларынын баасын жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;
•мунай продуктуларын сатууда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын бузууга жол бербөө;
•мунай продуктуларынын зарыл запастарын камсыз кылуу жана алардын ички рынокто тартыштыгын болтурбоо.
Түзүлгөн Макулдашуунун алкагында Кызмат тарабынан аткарылышы көзөмөлдөнөт.
2023-жылы баанын өзгөрүшү күйүүчү-майлоочу майларга жана логистикага дүң сатуу бааларынын өзгөрүшүнө түздөн-түз көз каранды.
2023-жылга карата Кыргыз Республикасында орточо А-92 бензинине жана дизелдик отунга (сом/литр) айлык рыноктук (чекене) баалар
Январь | Февраль | Март | Апрель | Май | Июнь | Июль | Август | Сентябрь | Октябрь | Ноябрь | Декабрь | |
А-92 | 58,8 | 54,3 | 53,1 | 53,8 | 54,3 | 56,7 | 57,3 | 59,3 | 62,5 | 64,0 | 64,0 | 63,7 |
ДТ | 74,0 | 73,6 | 73,4 | 72,5 | 71,7 | 70,7 | 70,2 | 65,7 | 66,3 | 68,3 | 70,4 | 71,0 |
2023-жылдын 2-февралына карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде күйүүчү-майлоочу майлардын орточо салыштырма баасы, сом/л
(Улуттук банктын 2024-жылдын 2-февралына карата курсу боюнча)
Кыргызстан | Казахстан | Россия | Беларусь | Армения | Таджикистан | Өзбекстан | |
Аи-92 | 62,2 | 40,7 | 50,3 | 63,8 | 107,8 | 86,5 | 78,5 |
Аи-95 | 71,4 | 52,6 | 54,8 | 66,6 | 116,6 | 89,7 | 97,2 |
Дт | 70,2 | 58,6 | 64,0 | 66,9 | 118,7 | 89,7 | 95,8 |
ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы кырдаалга баа берүү, бензиндин баасы Кыргыз Республикасына караганда Казакстан менен Россияда гана алардын өз өндүрүшүн эске алуу менен төмөн экендигин көрсөттү, бул дагы күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда бааны кармап туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралардын оң натыйжасын тастыктайт.
Республика ичиндеги авиациялык ташуулар рыногу
Талдоо 2021-2022 жылдарга жүргүзүлгөн.
Талдоо мезгили ичинде, Кыргыз Республикасында 3 авиакомпания ички каттамдар боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашырган:
– «АвиаТраффик Компани» ЖЧКсы;
– «Тез Джет» ЖЧКсы;
– «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКсы.
Каттамдар боюнча:
– Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек,
– Бишкек-Баткен-Бишкек,
– Бишкек-Раззаков-Бишкек,
– Ош-Тамчы-Ош каттамынын жүргүнчүлөрүн ташууну, бир гана «Тез Жет» авиакомпаниясы жүргүзөт, б.а. 100% үлүш менен үстөмдүк абалды ээлейт. Ошондуктан, бул каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн башка авиакомпанияларды тандоо мүмкүнчүлүгү жок.
Бишкек-Ош-Бишкек каттамында да «Тез Жет» ЖЧКсы 65,3% үлүшү менен үстөмдүк кылуучу абалды ээлейт. Бул каттамда 31,1% олуттуу үлүштү «Авиа Траффик Компани» ЖЧКсы ээлейт. Жогоруда аталган эки субъекттин үлүшү 96,4%ды түзөт.
Кум шекер рыногунда
2021-2022-жылдарга атаандаштыктын абалын талдоонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар чыгарылды:
кант өндүрүү рыногу:
– каралып жаткан рынок жогорку концентрацияга ээ;
– «Кайыңды Кант» жана «Кошой» ААК ларынын кант рыногундагы үлүшү 2022-жылга карата 59,8% жана 40,2%ды түзөт, алар биргелешип 100% үлүштү ээлейт жана адамдардын биргелешкен тобу катары каралат, б.а. рынокто үстөмдүк абалды ээлейт.
Кант базары:
– каралып жаткан рынок концентрациялануу деңгээли төмөн рынокко таандык болсо;
– 2022-жылга «Кайыңды Кант» жана «Кошой» ААКсынын кант рыногундагы үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша 24,7% жана 17,7%.
Кант өндүрүү рыногунда субъектилердин тобунун курамында «Кайыңды-Кант» ААКсы жана «Кошой» ААК субъектилеринин абалы үстөмдүк кылуучу деп таанылган
2023-жылы канттын кымбатташын ооздуктоо максатында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен «Кайыңды-Кант» ААКсы, «Кошой» ААКсы, «Умай Групп» ЖЧКсы (Народный, Глобус, Достор), «Азия Ретейл» ЖЧКсы (Фрунзе), «Торговый Дом «Яр-Марка» ЖЧКсы, Оптомаркет «Шекер», «Рейтейл Холдинг» ААКсы (Боорсок), «Боорсок Инвест» ЖЧКсы (Алма) жана «К.М.Компания» ЖЧКнын (КИВИ) ортосунда Кызматташуу келишимине кол коюлган.
Бул Келишимге ылайык, эсептик биллинг системасы бар соода тармактар лоялдуулук картасы аркылуу бир колго күнүнө 1 кг чеги менен 78 сом/кг чекене баада, 1 кг жогору 85 сом/кг баада сатышат. Биллинг системасы жок соода тармактарында кум шекер 85 сом/кг ашпаган баада сатылат.
Ошондой эле, бул Келишимдин алкагында, эсептик биллинг системасы бар соода тармактар лоялдуулук картасы аркылуу бир колго суткасына 1 кг чеги менен өндүрүүчүлөрдүн дүң баасына 2 сом/кг чекене баада, 1 кг жогору 7 сом/кг баада сатышат. Биллинг системасы жок соода тармактарында кум шекерди чекене баада, өндүрүүчүлөрдүн заводдорунун дүң баасына 5 сомдон/кг ашпаган үстөк менен сатышат.
Макулдашуу Келишимден келип чыккан милдеттенмелерди өзүнө алууга даяр болгон чекене тармактардын кошулуусу үчүн ачык.
2023-жылга карата республиканын аймактарында кум шекердин орточо баасы
№ | Шаарлар | Кыш | Жаз | Жай | Күз | ||||||||
Декабрь | Январь | Февраль | Март | Апрель | Май | Июнь | Июль | Август | Сентябрь | Октябрь | Ноябрь | ||
1 | Бишкек ш. | 83,86 | 81,75 | 80,09 | 90,42 | 90,41 | 89,60 | 90,15 | 90,88 | 90,64 | 90,64 | 85,65 | 84,38 |
2 | Токмок ш. | 81,41 | 79,10 | 77,26 | 90,25 | 91,19 | 89,90 | 89,66 | 89,84 | 89,38 | 89,38 | 88,78 | 87,95 |
3 | Талас ш. | 84,93 | 84,29 | 80,65 | 88,50 | 87,29 | 86,82 | 87,48 | 87,69 | 87,09 | 87,09 | 87,13 | 86,68 |
4 | Каракол ш. | 80,66 | 75,10 | 73,99 | 85,50 | 85,75 | 85,63 | 86,46 | 87,19 | 89,87 | 86,87 | 83,92 | 83,20 |
5 | Нарын ш. | 81,38 | 81,19 | 79,51 | 89,19 | 87,72 | 86,79 | 87,04 | 87,18 | 87,18 | 87,18 | 85,39 | 82,60 |
6 | Баткен ш. | 90,00 | 88,56 | 85,36 | 93,03 | 99,11 | 98,85 | 94,41 | 94,59 | 91,81 | 91,81 | 90,06 | 90,00 |
7 | Ош ш. | 87,36 | 87,32 | 87,32 | 96,29 | 94,52 | 93,22 | 91,28 | 91,49 | 92,40 | 92,40 | 91,00 | 88,53 |
8 | Жалал-Абад ш. | 93,97 | 92,58 | 89,32 | 97,30 | 97,99 | 96,47 | 96,38 | 98,08 | 98, 04 | 98,04 | 96,86 | 94,13 |
Кумшекердин баа деңгээлинин өзгөрүү динамикасы 2023-жылдын январынан 2023-жылдын декабрына чейин республика боюнча кумшекердин орточо чекене баасы 6,48 сомго/кгга төмөндөгөнүн көрсөтүп турат.
Цемент базары
2022-жылга цемент рыногундагы жана цемент өндүрүшүндөгү атаандаштыктын абалын талдоонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар чыгарылды:
– каралып жаткан рынок жогорку концентрацияланган рынок болуп саналат;
– цемент өндүрүүдө олуттуу үлүштү камсыз кылган – 97,1%, цемент рыногу – 83% жана товарлардын баасына таасир эте турган үстөмдүк кылуучу фирмалардын – “Түштүк-Кыргыз цемент” ЖАК, “Кант цемент заводу” ААКсы жана “Түштүк курулуш материалдар комбинаты” ЖЧКсынын болушу.
Цемент базары экономикалык жана статистикалык байкоо зонасында турат.
Мобилдик радиотелефон кызматтарынын рыногу
СРиНОСтун 2022-жылга карата ишмердүүлүгү жөнүндө отчетко ылайык, 2022-жылдын аягында уюлдук байланыш көрсөткүчтүн үлүшү боюнча байланыш рыногунда экинчи орунда турган жана байланыш операторлорунун жалпы кирешесинин 40%ын түзгөн.
2021-2022-жылдары уюлдук байланыш кызматтарынын көлөмү 9,2%га өскөн, башкача айтканда, бул кызмат да жыл сайын өсүү темпине ээ болгон.
Белгилей кетчү нерсе, жогорку мүмкүнчүлүктөр, күнүмдүк турмуштагы зарылчылык жана жогорку атаандаштыктан улам жеткиликтүү баалар мобилдик байланышка эң жогорку суроо-талапты камсыз кылууда.
Кызматтардын топтому (SMS, үн, интернет) абдан популярдуу жана уюлдук мобилдик телекоммуникациянын камтуу аймагын кеңейтүү жана тарифтик пландардын болушу көбүрөөк колдонуучуларга интернет ресурстарын колдонууга мүмкүндүк берет.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн өзгөрүшүнүн себептеринин бири – байланыш операторлорунун ортосундагы жогорку атаандаштык жана натыйжада операторлор өз тармагына абоненттерди жигердүү тартууга умтулган “баалар күрөшү”, бул кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акчанын көлөмүнө б.а. кирешеге түздөн-түз таасирин тийгизет.
Товар рыногуна кирүү үчүн жогорку тоскоолдуктардын болушун эске алуу менен, аталган товар рыногу атаандаштыктын жетишсиз өнүккөн рыногуна кирет.
Ошол эле учурда мобилдик радиотелефондук кызматтары керектөө учурунда башка кызматтар менен алмаштырылышы мүмкүн эмес.
1. 2019-2022-жылдардагы кирешелер боюнча мобилдик радиотелефон байланыш кызматтары рыногунда «Альфа Телеком» ЖАК (Мегаком), «Скай Мобайл» ЖЧКсы (Билайн), «НУР Телеком» ЖЧКсынын (О! Мобилдик оператору) жалпы үлүшү 75, 2%дан 99,9%га чейин көбөйдү.
2022-жылга «Альфа Телеком» ЖАК (Мегаком), «Скай Мобайл» ЖЧКсы, «НУР Телеком» ЖЧКсы (О! мобилдик оператору) мобилдик радиотелефон кызматтарынын рыногундагы кирешеси, үн, SMS жана активдүү абоненттердин саны боюнча чогуу алгандагы үлүшү:
– кирешелер боюнча – 99,95%;
– үн менен – 100%;
– SMS жөнөтүү үчүн – 95,7%;
– активдүү абоненттердин саны боюнча – 99,9%.
Ошол эле учурда, уюлдук операторлордун контекстинде жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, 2022-жылы бир гана «НУР Tелеком» ЖЧКсынын (мобилдик оператор О!) үлүшү:
– кирешелер боюнча – 88,1%;
– үн менен (мүнөт менен) – 57%;
– SMS жөнөтүү үчүн (миң даана) – 62,6%;
– активдүү абоненттердин саны боюнча – 44,6%.
Мында эки оператордун «Альфа Телеком» ЖАКы (Мегаком), «Скай Мобайл» ЖЧКсы (Beeline) ар бири өз-өзүнчө киреше, үн, SMS жана активдүү абоненттердин саны боюнча 35%дан азын түздү.
Ошону менен бирге, «НУР Телеком» ЖЧКсы (мобилдик оператор О!) «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык (үн кызматтары, SMS, киреше боюнча), Кыргыз Республикасынын аймагындагы мобилдик радиотелефон байланыш кызматтары рыногунда үстөмдүк абалды ээлейт.
- Ошол эле учурда 2021-2022-жылдар аралыгында маалыматтарды берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн кирешелери боюнча уюлдук радиотелефон байланыш кызматтары рыногунда «Альфа Телеком» ЖАКынын (Мегаком) үлүшү нарктык мааниде 60,1%дан 64,2%га чейин өзгөрдү.
Сандык жактан алганда, 2022-жылга (рыноктун 56%) жана 2023-жылдын 1-кварталында маалыматтарды берүү кызматында эң чоң үлүш, жалпысынан «НУР Телеком» ЖЧКсына (52,7%) тиешелүү.
2. 2021-2022-жылдардын жыйынтыгы боюнча кошулуу жана трафикти өткөрүү кызматтары үчүн жана 2023-жылдын 1- кварталында 41,3% -41,7% деңгээлинде эң чоң үлүштү «Скай Мобайл» ЖЧКсы ээлейт.
Доменди каттоо рыногун талдоо
Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген “Азияинфо” ЖЧКсы «КG» зонасында доменди каттоо кызматы боюнча ишкердик субъекттеринин мамлекеттик реестрине киргизилген.
Домендерди каттоо кызматына тарифтер өзгөргөн жок жана мурдагы деңгээлде калды.
Бүгүнкү күндө “.KG” зонасында экинчи деңгээлдеги доменди каттоонун баасы 2292 сомду (25,7 доллар), салыктарды кошкондо 2613 сомду (29,2 доллар) түзөт.
Экинчи деңгээлдеги доменди жаңыртуу/колдоо жылына 2 063 сом (23,1 доллар), анын ичинде салыктар – 2 352 сом (26,3 доллар) турат.
Үчүнчү деңгээлдеги домендердин (.net.kg, edu.kg, com.kg жана башкалар) баасы кыйла азыраак – 229 сом (2,6 доллар), салыктарды кошкондо – 262 сом (2,9 доллар), бирок алардын жылдык колдоосу бирдей сумманы түзөт.
«Азияинфо» компаниясы интернетке кирүүнү, үн байланышын жана спутниктик байланыш кызматтарын, байланыш системаларын долбоорлоону камсыз кылат.
Ошентип, «Азияинфо» ЖЧКсы өзүнүн алдыңкы позициясын сактап, үстөмдүк кылуучу субъект статусун сактап калды. Отчеттук мезгил ичинде, «Азияинфо» ЖЧКсынын үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдалануудагы аракеттери боюнча монополияга каршы органга арыз/даттануулар болгон эмес.
Чийки сүт сатып алуу рыногу:
Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттердин мамлекеттик реестрине Чүй жана Талас облустарынын аймактарында сүт сатып алуучу 5 субъект кирет:
– Чүй облусунда «Үмүт и К» ЖЧКсы;
– Талас облусунда «Талас Сүт» ЖАК, «Арашан» ААК, «Талас Даамы» ЖЧКсы жана «Эмилия» ЖЧКсы.
Чийки сүттү сатып алуунун арзандыгы боюнча арыздар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Кызмат Чүй облусунун жана Талас облусунун фермерлери менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү, ошондой эле сүттү сатып алуунун дыйкандардан баштап заводго чейин чынжырда түзүлгөн баалар боюнча маалымат даярдаган.
Сүт сатып алуу рыногундагы негизги көйгөйлөр дагы эле:
– майда өндүрүү жана чийки сүттү чогултуу/сатуу боюнча уюштурулган каналдардын жоктугу;
– жогорку сапаттагы чийки сүттүн жетишсиз саны;
– берилген сүттүн сапаты үчүн өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилигинин жоктугу;
Кызмат рыноктун катышуучулары менен сүттү сатып алуу баалары боюнча бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен макулдашуу/меморандум түзүү маселесин жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө кароону сунуштаган, бирок бул сунуш колдоо тапкан жок.
Кызмат жергиликтүү аймактык бөлүмдөр тарабынан үстөмдүк кылуучу субъектилер жана чийки сүт берүүчүлөр менен сатып алуу баасын негизсиз өзгөртүүгө жана «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузууга жол бербөө үчүн түшүндүрүү иштерин күчөттү.
Көмүр рыногу
Көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу 2023-жылы эки жолу киргизилген:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» № 594 токтому 90 күн аралыгында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. 2022-жылдын 3-ноябрынан тартып 2023-жылдын 3-февралына чейин.
Жогорудагы белгиленген токтомду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги «Социалдык маанидеги товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» №242 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы кызматынын аймактык түзүмдөрү тарабынан стационардык пункттарда, отун базаларында жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан атайын бөлүнгөн жерлерде сатылуучу ата мекендик көмүргө баалардын максималдуу деңгээли облустардын, райондордун, Бишкек жана Ош шаарлары үчүн бөлүнүп белгиленген.
2023-жылдын 3-февралына карата, бааларды мамлекеттик жөнгө салуу алкагында Кызмат тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыгы менен 386 кыдыруулар болуп, көмүр сатуу менен алектенген 1372 субъектилер камтылган, Мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча 579 билдирүү жана бузууларды токтотуу боюнча 140 жазма эскертүү берилген жана 35 айып пул салынган, эреже бузуулар негизинен көмүрдүн белгиленген баасын ашыра көтөрүүгө байланыштуу болгон.
2) 2023-жылдын 8-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 455 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 133 буйругунун негизинде, көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 2023-жылдын 25-октябрынан тартып, Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу 90 күндүк мөөнөткө киргизилип, мамлекеттик жөнгө салуу 2024-жылдын 25-январында аяктаган.
Кызмат тарабынан, Кыргыз Республикасынын облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээли белгиленген:
Региондор боюнча көмүрдүн баасы сатуу пунктунун өндүрүш жеринен (карьерден) алыстыгына жараша, б.а. сатуу жерлерине жеткирүү жана аны казып алуу ыкмаларын (шахта ыкмасы, Ысык-Көл районундагы Жыргалаң шахтасында жана Баткен областындагы Сүлүктү шахтасында кол менен казып алуунун эң кымбат ыкмасы же Кара-Кече кениндегидей ачык жол менен кен казуу), сактоо жана сатуу шарттарынан көз каранды.
Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында Казакстанда өндүрүлгөн көмүрдүн баасы Ата Мекендик көмүрдөн кымбат сатылууда. Бул жеткирүүчүлөрдүн баасына жана темир жол ташууларына тарифтердин жогорулашына байланыштуу. Казакстандын көмүрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 6,2 миң сомдон сатылууда (жүктөөнү кошкондо). Өздүк наркына жеткирүүчүлөрдүн баасы, темир жол менен жеткирүү жана сатууга кеткен чыгымдар кирет.
Кызмат белгиленген баалардын колдонулушун көзөмөлдөйт, көмүр сатуу чөйрөсүндө иш алып барган чарбакер субъекттердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. 2023-жылдын жыйынтыгы менен 337 кыдыруулар болуп, 1151 субъектилер камтылып, 94 эскертме берилген, 36 айып пул салынып, өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, Кызмат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 220 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомунун 5-пунктуна ылайык”, төмөнкү иштерди аткарды.
- Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын 13 көмүр казуучу ишканасына көмүрдүн баасы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан берилген тизме боюнча 1600 сом – 1730 сом өлчөмүндө тоннасына белгиленди.
- Кара-Кече жана Миң-Куш каттамдары боюнча – Нарын, Токмок, Кант, Бишкек, Кара-Балта, Талас, Беловодск, Каракол, Балыкчы, «Рыбачье» ТЖ станцияларынын багыттары боюнча автотранспорт менен көмүр ташууга 3,55 сом (т/км) өлчөмүндө тариф белгиленди.
- Көмүрдү автотранспорт менен ташууга тариф Таш-Көмүрдөн 3,75 сом (т/км) өлчөмүндө белгиленди.
- Көмүрдү автотранспорт менен ташуу үчүн тариф Өзгөн, Алай багыттары боюнча 2,37 сом (т/км) өлчөмүндө белгиленди.
- Көмүрдү автотранспорт менен ташуу үчүн тариф төмөнкү каттамдар боюнча 2,31-3,02 сом (т/км) өлчөмүндө белгиленди:
№ | Каттам | Тариф |
1. | Сүлүктү – Кара-Балта | 2,31 сом т/км |
2. | Сүлүктү – Ош | 2,83 сом т/км |
3. | Сүлүктү – Кызыл-Кыя | 3,02 сом т/км |
6. Мазутту автоунаа менен ташуу үчүн тариф төмөнкү каттамдар боюнча 3,07 сом (т/км) өлчөмүндө белгиленди:
№ | Каттам |
«Кыргызнефтегаз» – Джалал-Абад | |
«Кыргызнефтегаз» – Ош | |
«Кыргызнефтегаз» – Кочкор-Ата | |
«Кыргызнефтегаз» – Майлуу-Суу | |
«Кыргызнефтегаз» – Талас | |
«Кыргызнефтегаз» – Орловка | |
«Кыргызнефтегаз» – Кара-Балта | |
«Кыргызнефтегаз» – Беловодск | |
«Кыргызнефтегаз» – Кант | |
«Кыргызнефтегаз» – Балыкчы | |
«Кыргызнефтегаз» – Чолпон-Ата |
7. «Кыргызнефтегаз» ААКы үчүн Ош шаарынын ЖЭБине жана «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын филиалдарына жеткирүү үчүн “М-100” маркасындагы мазуттун баасы 18 690,0 сом/тонна деңгээлинде белгиленди.
8. Балыкчы шаарынын жүктөө-түшүрүүчү участкасында көмүрдү темир жол транспортуна кайра жүктөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын сунуштаган материалдары (эсептөөлөрү) боюнча 200,54 сом/тонна өлчөмүндө белгиленген.
Ушундай жол менен көмүрдүн баасын кармап туруу, күз-кыш мезгилинде республиканын калкы үчүн жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берди.
- Атаандаштыкка жөндөмдүү товар рыноктору, анын ичинде социалдык маанилүү товарлар.
Атаандаштыкка жөндөмдүү продукт рынокторунда сатуучулардын жана сатып алуучулардын кыйла көп саны бар. Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы суроо-талапты жана сунушту эске алуу менен рыноктук механизмдин негизинде аныкталат. Атаандаштык суроо-талап менен сунушту тең салмактоо жана керектөөчүлөрдүн керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн негизги элемент болуп саналат.
Монополияга каршы мамлекеттик органдын ролу бул рыноктордо атаандаштыкка каршы жүрүм-турумга, оюндун шарттарын жана эрежелерин талап кылган айрым субъектилердин рынокту монополиялаштыруусуна жол бербөө, ошондой эле монополияга каршы чара колдонуунун алкагында бааларды кармап турууну камсыз кылуу болуп саналат.
«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу фактыларынын негизинде 2023-жылы жеке жана юридикалык жактардан 40 арыз (даттануу) каралып, бузууларды четтетүүнү талап кылган 25 буйрук чыгарылган, алар аткарылган, анын ичинен 15 ыктыярдуу түрдө четтетилген.
Ушуга байланыштуу монополияга каршы орган Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамынын нормаларынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат, 2023-жылы төмөнкүдөй иштер аткарылды.
«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу фактыларынын негизинде 2023-жылы жеке жана юридикалык жактардан 40 арыз (даттануу) каралып, бузууларды четтетүүнү талап кылган 25 эскертме чыгарылган, алар аткарылган, анын ичинен 15 ыктыярдуу түрдө четтетилген.
Белгилей кетсек, эң көп мыйзам бузуулар дагы эле ак ниет эмес атаандаштыкка байланыштуу.
Көбүнчө Кыргыз Республикасында ак ниет эмес атаандаштык төмөнкүдөй формаларда болот:
– башка чарбакер субъекттердин товарларын, ошондой эле анын таңгагынын формасын жана тышкы жасалгасын уруксатсыз көчүрүүгө;
– башка чарбакер субъекттердин продукциясын анын патенттик укуктарын бузуу менен тикелей рекреациялоо;
– башка чарбакер субъекттин иши менен чаташтырууга алып келиши мүмкүн болгон башка бирөөнүн товардык белгисин, тейлөө белгисин, товар чыгарылган жердин аталышын, фирмалык аталышын мыйзамсыз пайдалануу;
– чарбакер субъекттин товарларынын келип чыгышы, жасалуу ыкмасы, пайдаланууга жарактуулугу, сапаты жана башка касиеттери, ишкердин инсандыгы же анын чарбалык ишинин мүнөздөмөлөрү боюнча керектөөчүлөрдү адаштырышы мүмкүн болгон ар кандай маалыматтарды таратуу;
Ак ниет эмес атаандаштык шартында кандай бузуулар болуп жатканын так түшүнүү үчүн төмөндө каралган бузуулардын мисалдары келтирилген:
“V.T.” туристтик агенттигине карата арызы (“М. энд К.”ЖЧК).
Арызда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, “Узд.Озд.” туристтик компаниясы өз уюмунун аталышында өтүнмө ээсине таандык “V.T.” товардык белгисин укук ээси катары колдонот (2020-ж. 17-декабрындагы №16999 товардык белгисинин күбөлүгү).
“Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, товардык белгинин ээси товардык белгини пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле аны башка жактар тарабынан пайдаланууга тыюу салуу өзгөчө укугуна ээ. Кыргыз Республикасында товардык белгини анын ээсинин уруксатысыз эч ким пайдалана албайт.
Ошентип, арызда “М.энд К.” ЖЧК компаниясы көрсөтүлгөн аракеттер менен ак ниетсиз атаандаштыкты жүргүзүп жаткандыгы көрсөтүлгөн.
Арызды кароонун алкагында, Кызмат берген материалдардын негизинде Кыргызпатент тарабынан “Авиаташуулар, транспорттук кызматтар, автомобилдик транспорттор, ижара ж. б. у. с.” ТКЭКтин 39-классы боюнча берилген «B.T.» товардык белгисинин укук ээси болуп саналары аныкталган.
Мында, юридикалык жактардын маалыматтар базасынан алынган маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин сайтындагы “М.энд К.” ЖЧКнын ишинин негизги түрү туристтик агенттиктердин иши болуп саналат.
Башкача айтканда, Т.Н. Т.жана “М. энд К.” ЖЧКсы ишкердик ишин ар кандай товардык рыноктордо жүргүзүшөт жана атаандаш болуп саналбайт.
Ушуга байланыштуу, көрсөтүлгөн кайрылуу “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде каралышы мүмкүн эмес.
Ошол эле учурда арызды кароонун алкагында көмөк көрсөтүү максатында Тараптар ортосунда “М.энд К.” ЖЧКсы тарабынан товардык белгинин логотибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен маселени жөнгө салуу (түсүн өзгөртүү жана оймо-чиймелерди кошуу) жөнүндө макулдашылды.
– “Б.К. И.” ЖАКынын (мындан ары-ЖАК) өкүлдөрүнүн ак ниет эмес атаандаштыкты жүргүзүү маселеси боюнча кайрылуусу.
Кайрылууда баяндалган маалыматка ылайык, ЖАК Бишкек ш.Тынчтык проспекти, 303 боюнча “Бишкек” ЭЭАнын аймагында Champion, Bayce жана башка товардык белгилери астында чай продукциясын өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырат. ЖАК өндүргөн продукциянын товардык белгилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында 2012-жылдын 31-январында №11074 катталган.
ЖАК өкүлдөрү тарабынан Ош базарынын аймагында, “Берекет Универсал”, 0-өтмөк, 2-орун А.Н.А. Champion 11*15*6*6 товардык белгиси менен көлөмү 250 гр. 10 даана жасалма чай сатыктан табылган. Аталган продукция ЖАКтын продукциясы болбогондуктан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузуу болуп саналат.
Кароонун жыйынтыгы боюнча жаран А.Н.А.-нын дарегине монополияга каршы мыйзамдарды бузуу белгилерин камтыган аракеттерди (аракетсиздикти) токтотуу жөнүндө эскертүү берилди, эскертүү өз убагында аткарылды.
– М.В.В. жаранынан косметикалык продукцияларды сатуу жолу менен ак ниет эмес атаандаштыкты жүргүзүп жаткан адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылуусу.
“М.В.В” “Л.П.К” ЖЧКсынын (мындан ары – ЖЧК) ээси болуп саналат. Бишкек ш., Кулатов көч., 8/1 юридикалык дареги боюнча Califfornia товардык белгиси астында косметикалык продукцияларды өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырат. ЖЧКнын товардык белгиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында катталган.
“М.В.В” Дордой базарынын аймагында косметикалык продукцияларды сатуу (сатуу) (тоналдык каражат, макияжга негиз), 4-өтмөк, 423-контейнерлер жана 370-371(и. ч.) көлөмү 10,5*32 см айнек идиште, көлөмү 40 мл., Califfornia аталышын пайдалануу менен табылган. Аталган товарлар ЖЧКнын продуктусу болуп саналбайт, бул Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”мыйзамдарынын ченемдерин бузуу болуп саналат.
Кароонун алкагында Кызмат и.ч. жана М. з. а. косметикалык продукцияларды сатуу боюнча иш-аракеттер “Атаандаштык жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу белгилерине туура келерин аныктады.
Жыйынтыгында Кызмат тарабынан “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун бузган аракеттерди токтотуу зарылдыгы жөнүндө эскертүү берилген. Бул эскертүү мөөнөтүндө аткарылды.
Ошондой эле, 2022-жылы «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдын 11-беренесине ылайык, кайра уюштурууга макулдук берүү боюнча 18 чарба жүргүзүүчү субъекттердин кайрылуулары каралды жана жыйынтыктар чыгарылды.
Кайра уюштуруу негизинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына байланыштуу чарба жүргүзүүчү субъекттерди трансформациялоо түрүндө ишке ашырылган. Ошентип, 90-жылдары түзүлгөн чакан ишканалар жана кооперативдер жоопкерчилиги чектелген коомдорго айландырылып, мындай ишканалардын негизги ишмердүүлүгү айыл чарба продукциясын өстүрүү, мал чарбачылыгы жана соода болуп саналып, иш жүзүндө аткарылбай калган;
Монополияга каршы мамлекеттик орган жыл сайын бекитилген Талдоо планына ылайык, ошондой эле товардык рыноктордогу кырдаалга ылайык жана жогору турган органдардын көрсөтмөлөрү боюнча өз демилгеси боюнча товардык рыноктордогу атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзөт.
Товардык рыноктордогу атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 461 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рыноктогу атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүнүн тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
2023-жылы товардык рыноктордогу атаандаштык чөйрөнүн абалына 101 талдоо жана социалдык маанилүү товарлар рыногуна 58 талдоо жана аналитикалык маалымат жүргүзүлгөн.
Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине бааны турукташтыруу, ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү ж.б.у.с. сунуштар берилген.
Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Монополияга каршы мамлекеттик органы тарабынан бааларды турукташтыруу максатында алдын алуу мүнөзүндөгү төмөнкү иш-чаралар туруктуу негизде (монополияга каршы аракеттенүү) өткөрүлүүдө:
– социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына жума сайын мониторинг жүргүзүү.
– аналитикалык иш (товар рынокторунда, республиканын ичиндеги, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттериндеги жана чектеш республикалардын СЖМТ рынокторундагы баа жагдайын талдоо;
– өндүрүүчүлөрдүн, жөнөтүүчүлөрдүн жана сатуучулардын арасында бааларды кармап туруу жана СМТга бааларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
– жалпыга маалымдоо каражаттарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, интернет-басылмаларга интервьюлар берилип, Кызматтын расмий сайтында жана ж.б маалыматтык каналдарга жарыяланат;
– «жумшак укукту» колдонуу менен иштөө – эскертүү берүү.
– «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузгандыгы, буйруктарды жана токтомдорду чыгаргандыгы үчүн (2023-жылы айрым товарларга баанын жогорулашы же мүмкүн болуучу өсүшү жөнүндө маалыматтарды негизсиз жарыялоону болтурбоо максатында 11 эскертүү берилген).
Жогоруда белгиленгендей, Кыргыз Республикасында СЖМТга баанын өзгөрүү тенденциялары республикага сырттан келген товарлардын бааларынын (дүң баалар) өзгөрүшүнө, логистикалык чыгымдарга, чийки затка болгон баанын өзгөрүшүнө ж.б. көз каранды.
2023-жылы социалдык жактан мааниге ээ товарларга орточо рыноктук чекене баалары республика боюнча орточо сом менен төмөндөгүчө келтирилген:
№ | Аталышы | өлчөө бирдиги | 24-январь 2023ж. | 24-январь 2024ж. | Жыл ичиндеги өзгөрүү | |
Сом менен | % менен | |||||
1 | 1-сорттогу буудай уну | кг | 42,6 | 42,5 | -0,1 | 99,7 |
2 | 1-сорттогу ундан жасалган нан | кг | 59,4 | 63,3 | 3,9 | 106,5 |
тандыр нан | кг | 80,9 | 95,9 | 15,0 | 118,5 | |
3 | Пастерленген 2,5% майлуулуктагы сүт | л | 66,8 | 71,4 | 2,8 | 104,1 |
4 | Тазаланган өсүмдүк күн карама майы | л | 151,8 | 132,5 | -19,3 | 87,3 |
5 | Май 72,5% кем эмес | кг | 448,1 | 504,1 | 56,1 | 112,5 |
6 | уй эти (сулп этинен башкасы) | кг | 506,3 | 510,1 | 3,8 | 100,7 |
кой эти (сулп этинен башкасы) | кг | 522,5 | 541,3 | 18,8 | 100,6 | |
7 | кумшекер | кг | 88,1 | 77,6 | -10,5 | 88,1 |
8 | күрүч (тазаланган ак) | кг | — | 152,5 | ||
9 | Макарон азыктары (вермишель) | кг | 67,7 | 74,2 | ||
Макарон азыктары (спагетти) | 400гр | 70,8 | ||||
Макарон азыктары (рожки) | кг | 75,6 | ||||
10 | Тоок жумурткасы | 10 шт | 109,4 | 122,2 | 12,8 | 111,7 |
11 | Картошка | кг | 31,0 | 27,9 | -3,1 | 89,9 |
Сабиз | кг | 30,9 | 35,0 | 4,1 | 113,4 | |
Пияз | кг | 54,9 | 25,3 | -29,6 | 46,0 | |
12 | Көмүр (жергиликтүү) | тн | 5214,3 | 5750,0 | 535,7 | 110,3 |
Көмүр (импорттолгон) | тн | 6233,3 | 7337,5 | 1104,2 | 117,7 | |
13 | Бензин А-92 | л | 57,6 | 62,2 | 4,6 | 108,1 |
Дизель майы | л | 73,8 | 70,3 | -3,5 | 95,2 | |
Суюлтулган көмүр-суутек газы (СКГ) | л | 28,8 | 31,5 | 2,7 | 109,4 | |
14 | суюлтулган газ (баллон) | 10 кг | 725,3 | 685,4 | -39,9 | 94,5 |
15 | Минералдык жер семирткичтер (аммиак селитрасы) | кг | 43,4 | 37,6 | -5,8 | 86,6 |
Минералдык жер семирткичтер (карбамид) | кг | 50,0 | 46,1 | -3,9 | 92,2 | |
Минералдык жер семирткичтер (аммофос) | кг | 55,0 | 49,2 | -5,8 | 89,5 | |
16 | Тоюттар (чөп) | тюк | 268,3 | 411,7 | 143,3 | 153,4 |
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, 2023-жылы айрым социалдык мааниге ээ товарларга (жумуртка, нан, пастерленген сүт, чөп, күйүүчү-майлоочу майлар) баанын жогорулашы байкалган, бирок, баанын сезондук өзгөрүүсүн эске алуу дагы зарыл.
Республикада бааны турукташтырууга өбөлгө түзгөн чаралар да көрүлдү, бул кум шекерге, өсүмдүк майына, унга жана буудайга КНСти нөлгө түшүрүү, айрым товарларды (ун, кант, жем, эт, минералдык жер семирткичтер жана башкалар) экспорттоого чектөөлөрдү киргизүү аркылуу.
Мындан тышкары, монополияга каршы мыйзамдардын жана “Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында кум шекер жана ун рыногунда бааны кармап туруу үчүн базардын операторлору (өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, чекене соода түйүндөрү) менен келишимдерди түзүү практикасы улантылды.
Ун жана малга тоют базарлары боюнча:
2023-жылы Кыргыз Республикасынын ун чыгаруучу өнөр жай ишканалары менен кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында иштер жүргүзүлүп, рынокту жеткиликтүү баада сапаттуу буудай уну жана мал азыгы менен толтурууга, ошондой эле ун тартуучу ишканалар республиканы ун менен камсыз кылуу боюнча бир катар милдеттенмелерди алышты. Келишим 2023-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болгон. Келишимдин алкагында 1-сорттогу унга болгон баа туруктуу болуп, республика боюнча орточо эсеп менен 1 кг 39 сомдон ашкан эмес.
Учурда 1-сорттогу унга болгон баанын төмөндөшү байкалып, 2024-жылдын февраль айына карата 1 кг 36,2 сомду түздү. Республика боюнча ундун баасынын төмөндөшү 2024-жылдын март айында да катталган.
Республика боюнча 1-сорттогу унга орточо рыноктук чекене баа (сом/кг)
Январь 23ж | Февраль 23ж | Март 23ж | Апрель 23ж | Май 23ж | Июнь 23ж | Июль 23ж | Август 23ж | Сентябрь 23ж | Октябрь 23ж | Ноябрь 23ж | Декабрь 23ж | Январь 24ж |
42,6 | 42,1 | 41,3 | 40,0 | 38,5 | 37,7 | 37,3 | 37,0 | 41,0 | 36,5 | 35,9 | 35,9 | 35,9 |
*2023-жылдын октябрына чейин жергиликтүү жана импорттук ун, 2023-жылдын октябрынан баштап – жергиликтүү өндүрүлгөн ун.
Нан жана нан азыктарынын рыногунда:
2023-жылы биринчи сорттогу ундан жасалган буудай нанына (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.
2023-жылдын сентябрь айында байкалган биринчи сорттогу ундан (бөлкө нан) жана нан азыктарынан (тандыр нан) жасалган буудай нанына баалардын негизсиз жогорулашына байланыштуу, калк үчүн нан өзгөчө социалдык маанилүү товар экендигин эске алып, Кызмат тарабынан нанга болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу демилгеленген.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомун, КР ЭКМнин 2023-жылдын 3-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу ундан (бөлкө нан), нан азыктарынан (тандыр нан) жасалган буудай нанына бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» №129 буйругун ишке ашыруунун алкагында (мамлекеттик жөнгө салуу 2023-жылдын 5-октябрынан 2024-жылдын 5-январына чейин киргизилген), Кызмат, Кыргыз Республикасынын облустарынын жана Бишкек жана Ош шаарларында биринчи сорттогу ундан (бөлкө нан), нан азыктарынан (тандыр нан) жасалган буудай нанына дүң жана чекене баалардын максималдуу деңгээлин белгиледи.
Бишкек жана Ош областтары жана шаарлары | 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан) | Нан (тандыр нан) | ||
Дүң баа | Чекене баа | Дүң баа | Чекене баа | |
Бишкек | 52,2 | 62,5 | 89 | 100 |
Чүй облусу | 56,5 | 65 | 92 | 101 |
Ош | 56,5 | 65 | 89 | 100 |
Талас облусу | 56,5 | 65 | 89 | 100 |
Нарын облусу | 56,5 | 65 | 92 | 101 |
Ысык –Көл облусу | 56,5 | 65 | 99 | 116 |
Жалал-Абад облусу | 56,5 | 65 | 92 | 101 |
Баткен облусу | 56,5 | 65 | 99 | 116 |
Мамлекеттик жөнгө салуу мезгилинде, Кызмат тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, салык органдарынын жана ички иштер органдарынын кызматкерлерин тартуу менен белгиленген баалардын сакталышын камсыздоо боюнча контролдук иш-чаралар жүргүзүлдү.
Ошондой эле, биринчи сорттогу ундан (бөлкө нан), нан азыктарынан (тандыр нан) жасалган буудай нанына чекене жана дүң соода чөйрөсүндө иш алып барган чарбакер субъекттердин арасында, аларга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында, Кызмат тарабынан күн сайын контролдук иш-чаралар жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.
Кызмат 2023-жылдын 5-октябрынан тартып мамлекеттик жөнгө салуу мезгилинде, 2024-жылдын 5-январына чейин 436 текшерүүлөргө чыгып, анын ичинен 2032 субъектти камтып, 88 эскертме берилип, 56 айып пул салынган
Белгилей кетсек, 2023-жылы 1-сорттогу буудай унунан жасалган нанга жана нан азыктарына бааларды 2023-жылы ун тартуучу ишканалар менен түзүлгөн келишимди эске алуу менен турукташтырууга мүмкүн болгон.
Ата мекендик өндүрүлгөн макарон азыктарынын базардагы баасы да туруктуу болгон.
Макарон рыногу – бул өнүккөн атаандаштык чөйрөсү бар рынок, мында көптөгөн чарбакер субъекттер иштешет, бул продукцияларды өндүрүү, импорттоо жана сатуу. Ата мекендик макарон азыктарын өндүрүү калктын муктаждыгынын 45-55%ын камсыздайт.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасына ылайык, ички рынокто макарон азыктарын өндүрүү менен республика боюнча 35 ишкана, ал эми Бишкек шаары боюнча 13 ишкана алектенген.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан чекене соода тармагында мониторинг жүргүзүү мезгилинде баалардын олуттуу өсүшү байкалган эмес. Баанын олку-солкулугу жылдырууларга, эң арзан товардык позициялардын жана жарнамалык товарлардын ротациясына байланыштуу белгиленет.
Тоок жумурткасы:
Тоок жумурткалары социалдык мааниге ээ товарлардын катарына кирет.
Кыргызстанда тоок жумурткасына болгон жылдык муктаждык жылына 1 миллиард 25 миллион даананы түзөт. 2023-жылга карата тоок жумурткасын өндүрүү 685,7 миң даананы түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 77,8 миң даанага көбүрөөк болгон. Республика боюнча канаттууларды кайра иштетүүчү 37 ишкана бар, анын ичинен 31 канаттуулар фабрикасы жана жумуртка өндүрүү жана инкубациялоо боюнча ишканалар бар.
Республиканын негизги бакма канаттуулар чарбасы Чүй облусунда жайгашкан. Өнөр жай бакма канаттуулар фабрикалары бакма канаттуулар ассоциациясына бириккен. Ассоциацияга: «Три-Т» ЖЧКсы, «Ак-Куу» ААК, «Улар» ААКсы кирет.
Кыргызстанда тоок жумурткасынын рыногу өзүнүн өндүрүшү боюнча да («Үч Т», «Ак Куу» ж.б.), ошондой эле импорттук берүүлөр боюнча да (Россия, Казакстан, Өзбекстан) көрсөтүлгөн. Өндүрүш өлкөнүн керектөөсүн 45% гана камсыздайт. Калган 55% импорттук каражаттар. Негизги жеткирүүчү болуп Казакстан Республикасы эсептелинет.
2023-жылдын февраль айында тоок жумурткасына баалардын өсүшү байкалып, 10 даанага 108,8 сом баа болсо, декабрь айында 10 даанага 120,8 сом болгон. Жылдын акырына карата баа 12 сомго жогорулады, баанын өсүшүнүн жана тоюттун кымбатташынын сезондук факторун жокко чыгара албайбыз;
Эт:
Эттин кымбатташы малдын, ветеринардык препараттар, жайыт кызматтарынын жана тоюттун кымбаттаганына байланыштуу, 2023-жылдын башында бир таңгак чөп 200-260 сом болсо, 2023-жылдын аягында 400 сом болгон.
2023-жылы чөпкө орточо чекене баалардын деңгээлинин өзгөрүү динамикасы (сом/кг)
январь | февраль | март | апрель | май | июнь | июль | август | сентябрь | октябрь | ноябрь | декабрь | |
Чөп (таңгак) | 267,2 | 280,4 | 274,7 | 268,3 | 267,0 | 281,3 | 304,2 | 331,8 | 368,1 | 382,3 | 394,0 | 407,5 |
Баалар сатуучулар тарабынан өз алдынча түзүлөт, учурдагы рыноктук шарттардын негизинде (суроо жана сунуш) түзүлөт. Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын нормаларын бузууга жол бербөө максатында, социалдык маанидеги товарларга баанын негизсиз жогорулашына, анын ичинде этке жума сайын базардагы чекене бааларга мониторинг жүргүзүлүп турат.
2023-жылдын 27-декабрына карата Кыргыз Республикасынын базарларында эттин баасы төмөндөгүдөй болгон:
КР | Бишкек | Токмок | Нарын | Каракол | Талас | Ош | Ж-Абад | Баткен | |
Уй эти | 510 | 535,0 | 530,0 | 540,0 | 460,0 | 475,0 | 540, | 520,0 | 480,0 |
Кой эти | 539 | 505,0 | 490,0 | 540,0 | 475,0 | 535,0 | 590,0 | 590,0 | 590,0 |
Жашылча өсүмдүктөрү үчүн (пияз, сабиз, капуста, картошка) баанын өзгөрүшү сезонго дагы байланыштуу болуп саналат. Эреже катары күнөсканадагы жашылчалар суроо-талапка жана сунушка жараша 2-3 эсеге кымбаттайт.
2023-жылы пияздан башка жашылча өсүмдүктөрү баанын кескин өзгөрүшүнө дуушар болгон жок.
2023-жылдын башында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы пияздын баасынын кескин көтөрүлүшүн каттап, пияздын баасы 56,6 сомду түзгөн; пияздын баасынын кескин өсүшү үшүккө, түшүмдүн бир бөлүгү коромжуга учураганына, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн пиязга болгон суроо-талапка байланыштуу.
Пияздын баасы кескин көтөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети пиязды экспорттоого убактылуу чектөө киргизди. Убактылуу тыюу салынгандан кийин баа 1 кг 31,7 сомго арзандады.
2023-жылы пиязга орточо чекене баалардын деңгээлинин өзгөрүү динамикасы
(сом/кг)
Кыргыз Республикасы боюнча орточо баа | январь | февраль | март | апрель | май | июнь | июль | август | сентябрь | октябрь | ноябрь | декабрь |
Пияз | 54,9 | 54,7 | 48,9 | 55,0 | 48,1 | 40,3 | 38,5 | 35,0 | 25,3 | 25,5 | 25,4 | 26,0 |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, жылына 100 – 150 миң тонна пияз өстүрүлөт. Өлкөбүздүн жарандарынын муктаждыгы 100-120 миң тоннаны түзөт.
Өсүмдүк майы:
2023-жылы өсүмдүк майынын баасы төмөндөө тенденциясын байкаган. Эгерде февраль айында республика боюнча өсүмдүк майынын баасы литрине 151,1 сом болсо, жылдын акырында декабрь айында өсүмдүк майынын 1 литринин баасы 132,8 сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасы өсүмдүк майынын импортуна көз каранды. Кыргызстандын өсүмдүк майына болгон жылдык муктаждыгы 62-70миң тоннаны түзөт. Республика бул көлөмдүн 8,3%ын гана өндүрөт, калганы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. Өсүмдүк майынын негизги жеткирүүчүлөрү Орусия жана Казакстан.
Кыргызстанда пахта, сафлора, күн карама уругунан өсүмдүк майын чыгарган 8 кайра иштетүүчү ишкана бар. Бул ишканаларда кайра иштетүү үчүн сырье болсо, жетиштүү көлөмдө даяр продукция чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.
2023-жылдын 15-майынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин өсүмдүк майын өндүрүү үчүн импорттолгон чийки заттарга, ата мекендик чийки заттан жана/же чийки заттан өндүрүлгөн өсүмдүк майынын салык салынуучу беримдерине, ата мекендик ишканаларда кайра иштетүү үчүн алынып келинген материалдарга нөл (0) өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын коюму (ставкасы) белгиленген.
Бул чара өсүмдүк майына болгон баанын төмөндөшүн жана анын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Жыйынтыктап айтканда, жогоруда көрсөтүлгөн бардык чаралар жана аракеттер бааларды кармап туруу маселелери, монополияга карыш жөнгө салуу маселелери боюнча натыйжалуу болуп, ошону менен бирге керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жана атаандаштык принциптерин камсыз кылды.
Эл аралык кызматташтык жана атаандаштыкты адвокатташтыруу
Натыйжалуу атаандаштык саясатын жүргүзүү жана атаандаштыктын белгиленген нормаларын жана эрежелерин бузууларды аныктоонун жаңы механизмдерин колдонуу үчүн атаандаштык жөнүндө мыйзамдарды да дайыма өркүндөтүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн монополияга каршы органдары тарабынан бул ченемдерди колдонуу практикасын изилдөө, ошондой эле, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү зарыл.
2023-жылы Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (МСАК) алкагында, ошондой эле Беларусь Республикасынын, Россия жана Азербайжан, Өзбекстан Республикаларынын монополияга каршы органдары менен түзүлгөн эки тараптуу меморандумдардын алкагында, Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен өз ара аракеттенүү боюнча иштер улантылды.
ЕЭК менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин жоболорун жана ЕАЭБдин укуктук базасын өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлдү.
Комиссия кеңешинин № 88 чечими менен, 2023-жылдын 29-августунда төрт актыга өзгөртүүлөр киргизилди:
1) Комиссиянын кеңешинин 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 97 чечими менен бекитилген чек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө арыздарды (материалдарды) кароонун тартиби.;
2) Комиссиянын кеңешинин 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 98 чечими менен бекитилген, чек ара рынокторунда жалпы атаандаштык эрежелерин бузуу фактылары боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби;
3) Комиссиянын кеңешинин 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 99 чечими менен бекитилген чек ара рынокторунда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө иштерди кароонун тартиби;
4) Комиссиянын Кеңешинин 2023-жылдын 17-декабрындагы №118 чечими менен бекитилген Трансчек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптарды эсептөө ыкмасы жана тартиби.
Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, Кызматтын эксперттери тарабынан эксперттик жолугушууларда жүргүзүлүп жаткан жана аткарылган билдирүүлөр, аракеттер жана аракетсиздиктер боюнча маселелерди изилдөө зарылчылыгы тууралуу суроолор берилип, тиешелүү сунуштар айтылды. Учурда бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат:
Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттеринин табигый монополиялар тармагында мыйзамдарына шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруунун ырааттуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар планын (“Жол картасын”) ишке ашырууга багытталган документтерди даярдоо маселелери боюнча жумушчу топтун алкагында иштер жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, учурда, жумушчу топтун отурумунун жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төмөнкү сунуштары кабыл алынган:
1) “Табигый монополиялардын субъекттерине кызмат көрсөтүүлөрдүн классификациялоонун негизги критерийлери жана шарттары жөнүндө”;
2) «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө баа берүү үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр жөнүндө»;
3) Табигый монополиялардын чөйрөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптерин жана эрежелерин колдонууну камсыз кылуучу сунуштар (мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына киргизүү сунушталат)
ЕАЭБ жөнүндө келишимде белгиленген атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө арыздарды кароонун алкагында кызматтын эксперттери чарбакер субъекттердин арыздарын кароодо ЕЭКтин отурумдарына катышты. Белгилей кетсек, мыйзам бузуулар негизинен ак ниет эмес атаандаштык маселесине тиешелүү.
2023-жылдын 16-февралында жана 2023-жылдын 3-ноябрында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин жана ЕЭКтин Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсүнүн (министринин) кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйында төмөнкү маселелер каралды:
– укуктук жана келишимдик ЕАЭБди өркүндөтүү;
– ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жана ЕЭКтин өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында санариптик программаларды түзүү;
– санариптик рынокторду талдоо жана баалоо механизмин өркүндөтүү;
– ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына монополияга каршы комплаенс механизмин киргизүү;
– трансчек арадагы картельдер менен күрөшүү үчүн ЮНКТАД менен иштөөнү күчөтүү.
Мындан тышкары, көйгөйлүү маселелерди алдын ала аныктоо максатында биргелешип изилдөө жана талдоо жүргүзүү үчүн товардык рыноктордун тизмесин аныктоо чечими кабыл алынды.
Социалдык маанидеги товарлардын рынокторунда бааларды турукташтыруу маселеси мурдагыдай эле бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун механизмдеринин негизгилеринин бири болгон.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Комиссиянын Коллегиясынын 2015-жылдын 14-апрелиндеги №29 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы жалпы процесстердин тизмесинин 62-пункту менен каралган “Трансчекаралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин жана атаандаштык (монополияга каршы) мыйзамдарын сактоону контролдоону жүзөгө ашырууда Евразия экономикалык комиссиясы менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда документтерди жана (же) маалыматтарды алмашууну камсыз кылуу, ошондой эле бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аны киргизүү жөнүндө чечимдерин талашуу (мамлекеттик бааны жөнгө салууну киргизүүдө документтерди жана (же) маалыматтарды алмашуу жана аны киргизүү жөнүндө чечимдерди талашуу бөлүгүндө)” жалпы процессин ишке ашырууга катышат. Кызмат азыркы учурда ЕЭК менен бул процессти тестирлөөгө катышууга даяр, сервер орнотулган, улуттук оператор (“Инфоком” МИ) менен программаны тестирлөө жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Кызмат ЕЭКтин тиешелүү департаменти жана Армения Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен бирдикте бааларды мамлекеттик жөнгө салууда жана анын мөөнөтүн узартуу боюнча маалымат алмашууга №62 жалпы процессти ишке ашыруунун алкагында, өз ара аракеттенүүнү ийгиликтүү тестирледи (тестирлөө протоколу ЕЭКтин Маалыматтык технологиялар департаменти тарабынан түзүлгөн).
Австрия, Индия, Индонезия, Катар, Сингапур, БАЭ, Польша менен кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуулардын долбоорлорунда атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү маселелерин изилдөө боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын (ӨАК) сунуштары каралып, киргизилди. ӨАКга Кызматтын эксперттери катышат.
Бул иш ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын жакындатууга жана ЕАЭБ рыногунда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын илгерилетүүгө, ошондой эле келишим түзүү аркылуу дүйнөлүк экономикага интеграциялоого көмөктөшүүчү трансчек аралык рыноктордо атаандаштыкты коргоо механизмдерин айрым өлкөлөр менен соода келишимдерин иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (МКСМК) жана МКСМКтын Биргелешкен иликтөөлөр боюнча штабынын алкагында иш алып баруу:
2023-жылдын 8-9-июнунда Санкт-Петербург шаарында (Россия) Монополияга каршы саясат боюнча Мамлекеттер аралык кеңештин 54-отуруму жана КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешкен иликтөө боюнча штабдын 40-жыйыны болуп өттү (Штаб).
МКСМК отурумунун жүрүшүндө МКСМК менен Монополияга каршы эксперттердин Евразиялык альянсы коомдук бирикмесинин ортосунда Кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду, МКСМК сайтында көз карандысыз эксперттердин жана бизнестин катышуусу менен атаандаштык мыйзамдарынын көптөгөн маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берет.
Отурумунда Кыргыз Республикасында монополияга каршы жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама жана метрологиялык көзөмөл чөйрөсүндө болуп өткөн эң көрүнүктүү окуялар жөнүндө маалымат берилди, ошондой эле 2023-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти “Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койулуп, анын максаты, жөнгө салуу жана колдонуу чөйрөсү белгиленди.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө:
– Кызматтын төрагасы менен Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министри А.И.Богданов менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу органынын ортосунда атаандаштык саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум боюнча Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органы 2016-жылдын 10-ноябрында кол коюлган. Жолугушууларда өзгөчө көңүл социалдык жактан маанилүү товарларга (СЖМТ) жана аларга бааларды турукташтыруу үчүн колдонулган механизмдерге бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында Меморандумдун алкагында кызматташууну улантуу, ошондой эле СЖМТ жана ченемдик укуктук базаны мамлекеттик жөнгө салуу боюнча тажрыйба алмашуу чечими кабыл алынды.
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Федералдык монополияга каршы кызматтын (Россия Федерациясы) ортосунда атаандаштык саясаты жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу. Ошондой эле, кол коюлган Меморандумду ишке ашыруу боюнча Планды кабыл алуу жана атаандаштык саясатын ишке ашыруу жаатында эки ведомствонун эксперттеринин билимин жогорулатууга көмөктөшүүчү биргелешкен иш-чараларды өткөрүү аркылуу ведомстволор ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча макулдашууларга жетишилди.
2023-жылдын 2-3-ноябрында Ереван шаарында (Армения Республикасы) төмөнкү эл аралык иш-чаралар болуп өттү: КМШга өтө турган мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешип иликтөө боюнча Штабдын (мындан ары – Штаб) 41-отуруму жана Мамлекеттер аралык кеңештин (мындан ары – МКСМК) 55-отуруму;
Штабдын алкагында 2023-жылы МКСМК тарабынан төмөнкү документтерди даярдоо жана кабыл алуу боюнча иштер жүргүзүлдү:
– «КМШга мүчө-мамлекеттерде дары-дармектердин товардык рынокторун өнүктүрүү» баяндамасы.
– «Азыркы шарттарда социалдык мааниге ээ товарлардын айрым рынокторунда КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын иши жөнүндө» отчет.
– «Санариптик рыноктордо монополияга каршы жөнгө салуу: Россия Федерациясынын тажрыйбасы» баяндамасы.
– КМШга мүчө-мамлекеттердин санариптик рынокторунун катышуучуларынын ишинин типтүү принциптери жана стандарттары (мындан ары – Типтүү принциптер).
– «КМШга мүчө-мамлекеттерде интеллектуалдык менчикке монополияга каршы мыйзамдардын колдонулушу» баяндамасы.
– «КМШга мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарындагы жана укук колдонуу практикасындагы адилетсиз атаандаштык институту» баяндамасы.
– КМШга мүчө-мамлекеттердеги тарифтик жөнгө салуу темасы боюнча баяндама.
– КМШга мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу темасы боюнча баяндама.
Үстүбүздөгү жылдын 5-6-октябрында Санкт-Петербург шаарында төмөнкүдөй иш-чаралар болуп өттү:
“Антиконтрафакт – 2023” XI Эл аралык форуму жана КМШга мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин отуруму болуп өттү. Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн рынокторун контрафакттык жана контрафакттыктан коргоо, заманбап санариптик механизмдерди, маркировкалоо жана байкоо жүргүзүү системаларын киргизүү, стандартташтыруу жана сертификация чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун алдыңкы тажрыйбалары менен алмашуу, ошондой эле интеллектуалдык менчик укуктарынын коргоо жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Монополияга каршы органдын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу жана атаандаштыкты жактоо
Жарандардын жана бизнес-коомчулуктун маалыматка кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, иштин айкындуулугунун принциптерин камсыз кылуу, ошондой эле атаандаштыкты жактоо максатында Кызмат дайыма www. antimonopolia.gov.kg, ошондой эле маалыматтык ресурстарда: АКИpress, Tazabek, KirTag, Кабар, 24.kg, K-News, Sputnik.kg, kloop.kg ж.б., монополияга каршы органдын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жайгаштырылган.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык расмий сайтта 633 материал, жалпыга маалымдоо каражаттарында 152 материал жарыяланган.
“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында Кызматтын жетекчилиги тарабынан жарандарды кабыл алуу графиги бекитилди. Отчеттук мезгилде Кызмат республика боюнча 101 жаранды жеке кабыл алган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө” токтомун аткаруу үчүн Коомдук кабылдама” жана “Ишеним телефону” функциясы иштейт. Республика боюнча ишеним телефонуна кайрылгандардын саны 154 тү түздү.
Расмий сайтта “Электрондук кайрылуу” бар, анда арыз ээси өзүнүн байланыш маалыматтарын көрсөтүп, өз кайрылуусун айта алат. Сайттын коноктору үчүн анкета жайгаштырылды.
Мамлекеттик органдарга жарандардан электрондук кайрылуулар Каттар.kg порталы аркылуу келип түшкөн 11 суроо-талап каралды.
Отчеттук мезгилде жалпысынан 259 семинарлар, тренингдер, тегерек столдор, конференциялар жана башка иш-чаралар өткөрүлдү. Бардык жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар (тегерек столдор, семинарлар, жолугушуулар, презентациялар, мониторинг) жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу менен өткөрүлгөн.
Отчеттук мезгилде, Кызматтын жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан, телеканалдарда жана радиолордо (КТРК, НБТ, ЭлТР, ТРК НТС, МТРК Мир, 7-канал, Бешинчи канал, Азаттык, Ала-Тоо 24, Sputnik. TV, “New TV”, “Азаттык”, “Биринчи” Радио» ж.б. 102 комментарий (интервью) берилген.
Атаандаштыкты жактоо жана өз ишмердүүлүгүн белгилөө боюнча иштерди жүргүзүү коом менен Монополияга каршы органдын ортосундагы кайтарым байланышты камсыздайт, монополияга каршы мыйзамдардын ченемдерин керектөөчүгө багыттоого мүмкүндүк берет жана ага сапаттуураак товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү арзан баада тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Керектөөчүлөр, атаандаштык пайдалуу экенин жана атаандаштыктын эрежелерин сактоо арзаныраак баада сапаттуу товарлардын жана жалпы кызматтардын кеңири спектрин алып келерин түшүнүшү керек. Эгерде керектөөчүлөр тарабынан кырдаал жакшырганы байкалса, дал ушул жагдайда “кайтарым”(обратная связь) мүмкүнчүлүгүнө алып келет жана мындай натыйжаларга алып келген чаралар ведомстволор жана бизнес-коомчулук тарабынан жогору бааланышы ыктымал.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, монополияга каршы жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнаманы көзөмөлдөө боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат тынымсыз расмий сайтта жайгаштырылат: https://antimonopolia.gov.kg