Талас шаарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
02.08.2024Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев, Абдувалиева көчөлөрүндөгү ири соода түйүндөрүнө (ТСП) QR-код болушуна мониторинг жүргүзүлдү.
06.08.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын дарегине К.О.Б. аттуу
жараандан транспорттук-экспедитордук кызматтарды көрсөткөн “Б.Л.К.”
ЖЧКсынын атына арыз келип түшкөн.
Арызга ылайык, жогоруда аталган компания аркылуу керектөөчү посылканы
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жөнөткөн. Бирок, ЖЧКнын өкүлдөрү
ташууда посылка жоголуп кеткен, андан кийин арыз ээси К.О.Б. компаниянын
дарегине арыз-дооматы менен кайрылган, жыйынтыгында компания тарабынан
көрсөтүлгөн мөөнөттө акча каражаттарын кайтарып берилген эмес.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
мыйзамынын 4- беренесине ылайык керектөөчү товардын (иштин, кызматтын) иш
жүзүндө алынган саны үчүн төлөөнүн накталай жана/же накталай эмес формасында
акы төлөйт.
Кайрылуунун негизинде Кызмат тарабынан “Керектөөчүлөрдүн укуктарын
коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын алкагында тиешелүү
иштер жүргүзүлүп, натыйжада керектөөчүгө 49 310,64 сом акча каражаты
кайтарылып берилген.
Керектөөчүнүн талаптары канааттандырылган.