Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын дарегине арыз келип түшкөн
06.08.20242024-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А. Касымалиевдин (2024-жылдын 4-апрелиндеги чыг. №15718) тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салыккыз матынын Баткен району жана Баткен шаары боюнча башкармалыктарынын кызматкерлери менен биргеликте, Баткен районуна караштуу Бужум айылынынМ. Матисламов көчөсүндөгүжана Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев, Абдувалиева көчөлөрүндөгү ири соода түйүндөрүнө (ТСП) QR-код болушуна мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин учурунда 9 соода түйүндөрүндө QR-коддорду пайдаланып жатышкандыгы аныкталды.
Мониторинг жыйынтыгы менен калган сатуучу жеке ишкерлерге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.