Тез тамактануучу жайда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
23.08.2024Таш-Көмүр шаарындагы калкка кызмат көрсөтүүчү коомдук, ири соода түйүндөрүндө, дарыканаларда, май куючу жайларда мониторинг жүргүзүлдү.
23.08.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдын 13- май № 42 буйругун аткаруу максатында, Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкери Эралиева М.С. III-кварталга белгиленген иш планынын негизинде Каракол шаарындагы “Глобус”, “Азия”, “Береке+”, “Рамиль”соода түйүндөрүндө, Каракол шаардык “Кадастр” мамлекеттик ишканасында жана Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында мониторинг жүргүздү. Мониторингде банктык төлөм QR-код менен төлөө, накталай эмес төлөм формаларын пайдалануу боюнча иштер жүргүзүлүп жана о.э. жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин максаты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп эсептелген жана керектөөчүлөргө сатылбай турган товарлар аныкталып, сатыктан алып салынды.
Сатуучулар арасында бааларды кармап туруу жана социалдык маанилүү товаларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.