Каракол шаарындагы “Глобус”, “Азия”, “Береке+”, “Рамиль”соода түйүндөрүндө, Каракол шаардык “Кадастр” мамлекеттик ишканасында жана Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында мониторинг жүргүздү
23.08.20242024-жылдын 23-августундагы арыз-даттануукатын кароо тууралуу
27.08.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, 2024-жылдын 21-августунда, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Таш-Көмүр шаары боюнча башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлери менен биргеликте Таш-Көмүр шаарындагы калкка кызмат көрсөтүүчү коомдук жайларда, ири соода түйүндөрүндө, дарыканаларда, май куючу жайларда, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын камсыздоо жана керектөөчүлөдүн укуктарын коргоо максатында биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү.
Биргелешкен мониторингдин алкагында, калкка кызмат көрсөтүүчү жайлардын кызматкерлерине, ири соода түйүндөрүндөгү сатуучуларга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.12.2015-жылдагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомундагы талаптарды түшүндүрүү менен бирге жеке ишкерлер жана (же) юридикалык жактар банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну( программалык-техникалык орнотмону) орнотууну камсыз кылууга милдеттүү экендиктери түшүндүрүлдү. Мындан арыдагы бөлүмдүн иш планынын негизинде мониторингдер улантылат.