Таш-Көмүр шаарындагы калкка кызмат көрсөтүүчү коомдук, ири соода түйүндөрүндө, дарыканаларда, май куючу жайларда мониторинг жүргүзүлдү.
23.08.2024Бишкек шаарында жайгашкан “АЗИЯ” маркеттеринде социалдык эн керектелүүчү товарларга ыкчам (экспресс) сурамжылоо (мониторинг) жүргүзүлдү.
28.08.20242024-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция
министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Баткен облустүк
бөлүмүнө, Баткен шаарынын тургуну С.Д. жазма арыз менен кайрылган :
Жазма арызынын мазмунунда, 2024-жылдын 10-август күнү Баткен шаарынын Сайдиман ажы көчөсүндө жайгашкан “Үмүт” дүкөнүнүн сатуучусунан ак көйнөк 480 сомго сатылып алынган, үйүнө алып келип кызына кийгизип көргөндө чоң болуп калган,
кайра “Үмүт” дүкөнүнүн сатуучусуна барып алмаштырып берүү жагын айтканда
алмаштырбай койгон.
Жогорудагы маселе боюнча 2024-жылдын 26-августунда С.Д. арыздаттануусунун негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери “Үмүт” дүкөндүн ээсине, Кыргыз Республикасынын
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин 6 пунктунун талаптарына ылайык сатылган ак көйнөктү алмаштырып же кайтарып берүү тууралуу жүргүзүлгөн ишти кароонун жыйынтыгы менен, кардардын арызын канаатандырылып, ак көйнөгүн өз каалаган размерине алмаштырылып берилди, арыз-даттануучу арызды токтотуу
боюнча жана эки тараптын өз ара келишиминин негизинде маселеси чечилди.
Андан сырткары “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын мыйзамынын нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү.