Кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө
30.08.2024Ош шаардык клиникалык ооруканасы тарабынан акы алып кызматкөрсөтүүнүн баасын макулдашуу жөнүндө
03.09.20242024-жылдын 29-август күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Лейлек районунун Раззаков шаарынын мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте, ири соода түйүндөрүндө жана Раззаков шаарынын Дадасиян көчөсүндөгү борбордук базаранда социалдык маанилүү товарлардын бааларына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы.
Баалары төмөнкүчө:
– 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 1 кг. 34,00-37,00 сом;
– 2-сорттогоу буудай уну (жергиликтүү) 1 кг. 24,00-26,00 сом;
– Уй эти 1 кг. 500,00 сом;
– Кой эти 1 кг. 600,00 сом;
– Өсүмдүк майы 1-литр. 140-150 сом;
– Кум шекер (Кыргызстан) 1 кг. 90,00-95,00 сом;
– Күрүч (импортолгон) 1 кг. 120-130 сом;
– Күрүч (жергиликтуу) 1 кг. 160-170 сом;
– Макарон азыктары 1 кг. 65-70 сом;
– Жумуртка 10 даанасы. 100-110 сом;
– Сабиз 1 кг 33,00-34,00 сом;
– Картошка 1 кг. 34-35 сом;
– Пияз 1 кг. 20-25 сом;
– Нан азыктары (тандыр наны) 1 кг. 73,00-100,00 сом;
– Цемент 1 кг. 7,40-7,50 сом;
– Бензин А92 1 л 67,80 сом;
-Чөп 1 тюк.- 230-240 сом.
Мониторингдин жыйынтгын алганда, жалпысынан жогоруда көрсөтүлгөн товарлардын баалары туруктуу таңкыстык жок экендиги байкалып, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын нормаларынын ишке ашыруунун алкагында сатуучу ишкерлерге бааларды туруктуу кармоо, негизсиз жогорулатууга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.