Ош шаарынын Масалиева жана Зайнабетдинова көчөлөрүндө жайгашкан 25 соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүздү
05.09.2024Ысык- Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Тоң районундагы тейлөө аймактарында POS – терминалдарды орнотуу боюнча биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү
06.09.2024Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы №265 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомунун негизинде, Ош облусунда көмүр рыногунда болгон баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, 2024-жылдын 5-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулган жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары И.А. Ташбаев, тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар, Ош облусунун көмүр казуучу ишканаларынын ассоциациясы жана Ош облусундагы көмүр казуучу ишканалардын жетекчилери катышты.
Жыйында “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында, калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуудагы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер боюнча маалымат алынды. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана көмүр казуучу ишканалар арасында көмүрдүн баасын туруктуу кармоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө Макулдашуу түзүлдү.