Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Өзгөн районунун аймагындагы соода жана тейлөө ишканаларына мониторинг жүргүзүлдү
17.09.2024Көмүр сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
17.09.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары-Кызмат) Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын Экономика жана инвестиция боюнча башкы адиси Э.Уманалиева жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал райондук салык башкармалыгынын инспектору Ө.Сулаймановдор менен биргеликте Кызматтын 2024-жылдын 30-майындагы №07-1/44 сандуу тапшырмасын аткаруу максатында жана облустук бөлүмдүн иш планынын негизинде “Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу“ Токтомдун талаптарынын аткарылышы боюнча Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингде жалпысынан 8 тейлөө жана соода түйүндөрү камтылды. Алардан 3 субъект токтомдун талаптарына ылайык иш алып барышууда, ал эми калган 5 субъектке токтомдун талаптарын аткаруулары керек экендиги боюнча эскертүү берилди.
Мониторинг бекитилген план боюнча улантылат.