Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында мониторинг жүргүзүлдү.
17.09.2024Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери көмүрдүн сатылышына көзөмөл жүргүзүштү
18.09.2024Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери, жергиликтүү бийлик органдарынын жана салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте 2024-жылдын 17-сентябрында Сүлүктү жана Раззаков шаарларында көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзгүлдү.
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн 2024-жылдын 11-сентябрындагы №19 буйругана ылайык Баткен облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленгендигин тааныштыруу максатында топ базада көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли Сүлүктү шаарында көмүрдүн “БР” маркасы тангакталганы 1 кг. 6,5 сомдон жана 1 тн. 6000 сомдон, ал эми “БК” маркасы тангакталганы 1 кг. 9 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып, ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн жөнгө салынган баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө керектиги түшүндүрүлдү.