Көмүр сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
17.09.2024Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери эт сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүштү
18.09.2024Ушул жылдын 17-сентябрында Бишкектин шаарында жайгашкан көмүр сатулуучу жайларында көмүрдүн кымбатташына жол бербөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери көмүрдүн сатылышына көзөмөл жүргүзүштү.
Мындан тышкары, бул иш-чаранын жүрүшүндө Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча бааларды белгилөө жолу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана “Бишкек шаарынын аймагында 90 календардык күнгө көмүргө максималдуу бааларды белгилөө жөнүндө” Буйругу менен тааныштыруу иштери жүргүзүлдү.