Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
18.09.2024Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Казарман айылындагы социалдык жактан маанилүү болгон товарлардын бааларына биргелешкен мониторинг жүргүзүштү
19.09.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын демилгеси менен кой жана мал эттеринин баалары боюнча шаардык мэриянын кичи жыйындар залында 2024-жылдын 18-сентябрында Кызматтын облустук бөлүмүнүн башчысы, мэрдин 1-орун басары, шаардык салык, ветеринардык кызматтардын, Жалал-Абад район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчилери жана шаардагы эт сатуучу жайлардын ээлери, эт сатуучулар катышкан жыйын өткөрүлдү.
Жыйында учурдагы кой жана мал эттеринин баасы кескин өсүп кеткендиги белгиленип, эт сатуучуларга баалар негизсиз жогорулап кеткендиги боюнча түшүндүрүлдү. Сентябрь айынын башынан бүгүнкү күнгө чейин мал этинин (сулп этинен башкасы) баасы 1кг. 580-650 сомдон, кой этинин баасы 1 кг. 600-650 сомдон сатылып жаткан.
Жыйынтыгында эт сатуучулар менен мал этинин баасы 1кг. 560-600 сомдон, тактап айтканда кунажын этин 560 сомдон, багылган бука этин 600 сомдон, ал эми кой этин 600 сомдон ашырбай сатуу боюнча макулдашылды. Мындан ары да, Кызматтын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эт сатуучу жайларда баа боюнча туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.