Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери эт сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүштү
18.09.2024Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын демилгеси менен эт сатуучулар катышкан жыйын өткөрүлдү
18.09.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас облосунун Айтматов жана Манас райондорунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жана КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу №313 токтомунун, КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин 13.05.2024-ж. № 42 сандуу буйругунун – Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнүн тартибинин алкагында жана КР ЭжКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 22-май айында №07-1/41 сандуу тапшырмасына ылайык Талас облустук бөлүмүнүн 3 кварталга түзүлгөн иш планын негизинде Талас облусунун Айтматов району боюнча “Алтын Ордо” соода борбору, “Толкун” жана “Сатыкей” маркеттеринде, ал эми Манас районунда жайгашкан “Алтын Ордо” гипер маркет, “De LUX” маркет, “Аю” жана “Арча” дүкөндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин максаты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз деп эсептелген жана керектөөчүлөргө сатылбай турган товарлардын тизмесиндеги товарлар аныкталып, жеринде соода түйүндүн жооптуу кызматкерине аталган эрежелерди сактоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ишкер тараптан аталган талаптар туура кабыл алынып, тез арада кемчиликти жоюп мындан нары эрежеге ылайык соода сатык жүргүзүлөөрүн билдиришти.
Андан тышкары аныкталган мыйзамга каршы келген айрым кемчиликтерди болтурбоого иш аракеттерди жүргүзүүгө чакырылды.