Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын демилгеси менен эт сатуучулар катышкан жыйын өткөрүлдү
18.09.2024Эт сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
19.09.2024Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, 2024-жылдын 19-сентябрында, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын тийиштүү кызматкерлери жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги менен биргеликте Тогуз-Торо районунун борбору Казарман айылындагы социалдык жактан маанилүү болгон товарлардын бааларына биргелешкен мониторинг жүргүзүштү
Жыйынтыгында баалар төмөндөгүчө:
- Тамак аш буудайы –20-21 сом
- Биринчи сорттогу жергиликтүү буудай уну (кг) – 34-36 сом
- Биринчи сорттогу импорттолгон буудай уну (кг) – 42-45 сом
- Биринчи сорттогу буудай унунан жазалган тандыр наны (260-270 гр) – 25 сом
- Кой эти – 500-550 сом
- Уй эти – 450-500 сом
- Тазаланган күн карама майы – 120-140 сом
- Тазаланган күрүч – 110-160 сом
- Кум шекер – 76-80 сом
- Тоок жумурткасы (10 даанасы) – 100-120 сом
- Картошка – 25-30 сом
- Пияз – 18-20 сом
- Сабиз – 35-40 сом.
- Көмүр (тоннасы) 4000-4500 сом
- Бензин АИ-92 – 67 сом
- Дизел майы ДТ – 76 сом
Мониторинг учурунда сатуучуларга Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын түшүндүрүү менен бирге, бааларды негизсиз жогорулатпоо боюнча эскертилди.
Жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында, калкка кызмат көрсөтүүчү жайлардын кызматкерлерине, ири соода түйүндөрүндөгү сатуучуларга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.12.2015-жылдагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомундагы талаптарды түшүндүрүү менен бирге жеке ишкерлер жана (же) юридикалык жактар банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны жана/же QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну( программалык-техникалык орнотмону) орнотууну камсыз кылууга милдеттүү экендиктери түшүндүрүлдү.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын, акимдин биринчи орун басары Т.Арун уулунун кабылдамасында болгон учурда, Тогуз-Торо районунда социалдык жактан маанилүү болгон товарлардын, тамак-аштын анын ичинде өзгөчө эттин жана көмүрдүн баалары башка аймактарга салыштырмалуу туруктуу жана эт боюнча учурда эч кандай таңкыстык жок экендигин билдирип, жергиликтүү бийлик тарабынан учурда көмүр боюнча топ база уюштурулуп жаткандыгын билдирди.