Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Казарман айылындагы социалдык жактан маанилүү болгон товарлардын бааларына биргелешкен мониторинг жүргүзүштү
19.09.2024Көмүр сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
19.09.2024Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери, жергиликтүү бийлик органдарынын жана салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте 2024-жылдын 17-18-сентябрында Баткен, Раззаков жана Кадамжай шаарларында эт сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзгүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен баалары төмөнкүчө:
№ | Шаарлардын аталышы | Өлчөө бирдиги | Уй эти | Кой эти |
1. | Баткен шаары | 1 кг/сом | 600 | 600 |
2. | Раззаков шаары | 1 кг./сом | 550 | 600 |
3. | Кадамжай шаары | 1 кг./сом | 580 | 600 |
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын “Баалар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө жана эттин баасынын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында сатуучулар, касапчылар жана ветеринарлар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.