2022-жылдын 2-декабрында мониторинг жүргүзүү учурунда «Галерея улыбок» тиш дарылоо борборунун (Ош ш., Мониев көч., №271) лицензиясынын номери жок жана лицензия берген органдын аталышы жазылбаган жарнагы табылган. Бул Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна каршы келет.
Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык “эгерде жүзөгө ашырган иши атайын уруксат берүүнү (лицензияны) талап кылса, бирок андай уруксат берүү (лицензия) алынбаса, жарнак берүүчүнүн өзү жөнүндө жарнактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынган товарларды жарнактоого жол берилбейт.
Эгерде жарнак берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, жарнакта лицензиянын номери, ошондой эле ошол лицензияны берген органдын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жарнак жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесин жетекчиликке алып, “Галерея улыбок” тиш дарылоо борборунун жетекчилигине эскертме кагазы берилди.