2022-жылдын 31-мартында керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн укуктарын коргоо максатында, ошондой эле “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин талаптарын аткаруу максатында, Ош облустук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун Араван районунун аймагында жайгашкан соода жана тейлөө ишканаларында POS-терминалдардын болушуна мониторинг жүргүздү (төлөө тартиби банктык төлөм карттарын алуу жана тейлөө үчүн Кыргыз Республикасынын төлөм системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жабдууларды (программалык-аппараттык түзүлүштү), электрондук акчаны колдонуу менен накталай эмес формада товарларга (иштерге, кызматкөрсөтүүлөргө) төлөө.
Мониторингдин жыйынтыгы менен 8 мекеменин жетекчилерине (дүкөндөр, дарыканалар, сулуулуксалондору, ашканалар, май куюучу жайлар, медициналык пункттар) POS-терминалдарды орнотуу боюнча эскертмелер берилди.