Ош шаардык клиникалык ооруканасы тарабынан акы алып кызматкөрсөтүүнүн баасын макулдашуу жөнүндө
03.09.2024Раззаков шаарындагы социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
03.09.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын 3-сентябрында 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында, Ош шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө Бел-Алма жана Алай көмүрлөрүнүн БР маркасындагы 1 тонна чекене баасы 6500-7000 сомго чейин сатылып жаткандыгы аныкталды. Мониторингдин жыйынтыгында, сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” , “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.